БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Лионель Мессинин командадан кетерине нааразы болгон каталондук "Барселона" клубунун фанаттары "Ноу Камп" стадионунун дарбазасын бузуп кирди. Бул тууралуу The Sun маалымат булагы жазып чыкты.
Чогулган күйөрмандар клубдун жетекчилигинин аракеттерине нааразылыгын билдиришүүдө. Алар 33 жаштагы Мессинин командада калуусун, мындан сырткары, клубдун учурдагы президенти Жозеп Бартомеунун кызматынан кетүүсүн талап кылышууда.
ПСЖдан келген футболчу франциялыктарга гол киргизип, "Баварияны" чемпион кылды. Видео
Видеодо фанаттардын айрымдары колдоруна "Месси, үйдө кал!" деп жазылган транспаранттарды кармап алышса, дагы бир тобу бир ооздон "Бартомеу кетсин!" деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.
Фанаты Барсы пробились на Территорию стадиона. На поддержку команды это не похоже - просто под шумок и прикрываясь «битвой за клуб» будут все крушить и ломать. pic.twitter.com/TsI1BZXpK1
— Никита Ковальчук (@Nik_Football_) August 26, 2020
Нааразычылык акция шейшембиден бери, Месси командадан кетерин клубдун жетекчилигине кулак кагыш кылгандан тарта башталган. Кечээ "Барселона" Лионель Месси клубдан кетүүгө камынып жатканын ырастаганы айтылган.
Кийинчерээк дүйнөнүн эң мыкты футболчусунун англиялык "Манчестер Сити" клубуна өтүү ниети бар экени маалым болду.
"Messi stay, we love you." 🔊
— ESPN FC (@ESPNFC) August 25, 2020
Barcelona fans are holding out hope.
(via @DavidIbanez5) pic.twitter.com/O1W3nSrUYZ
Аргентиналык чабуулчу Чемпиондор лигасынын чейрек финалында командасы "Баварияга" 2:8 эсебинде утулгандан кийин клубдан кете турганын кыйыткан.
"Дордой" кезектеги жеңишти камсыздап, чемпиондук жарышта алдыга озду
Месси "Барселона" клубунда 16 жылдан бери ойноп, команданын тарыхында рекорддук 634 гол киргизген. Клуб менен ал 10 ирет өлкө чемпиондугун, алты жолу Испания кубогун, төрт жолу Чемпиондор лигасын уткан.
Эгерде клубдун президенти Жозеп Бартомеу кызматынан кетсе, Месси "Барселонада" калары айтылат.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
Турнир Бишкек убактысы боюнча АКШнын Жексонвилл шаарында 25-апрелде эртең менен башталат. Анда дароо үч чемпион бел курун сактап калуу үчүн жан үрөйт.
Кеченин башкы беттешинде Хорхе Масвидаль мурда беттешкен Камару Усмандан наамын тартып алууга аракет жасайт. Мушкерлер октагондо былтыр июлда кезигип, Усман жеңишин майрамдаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Турнирдин дагы бир башкы беттешинде Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андраде менен кармашат. Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын коргоп калган.
Кеченин дагы бир маанилүү кармашында UFC уюмунун аялдар арасындагы эң аз салмак боюнча чемпиону Вэйли Чжан менен Роуз Намаюнас кез келет. Чжан акыркы беттешинде Шевченконун эзелки атаандашы Жоанна Енджейчикти утса, Намаюнас Шевченконун учурдагы каршылашы Андрадени жеңген.
UFC 261 турниринин өзгөчөлүгү — уюмдун мелдешине пандемиядан бери алгачкы жолу көрүүчүлөр кирет. Спорттук аренага 15 миң киши келет, билеттер сатыкка чыгары менен сатылып кеткен.
Болжолдуу карддын беттештери Бишкек убактысы боюнча 6:00дө башталып, 8:00дө бүтөт. Негизги карддын кармаштары 8:30-9:00дө, ал эми негизги беттештер 11:30да башталары болжолдонуп жатат.
UFC Fight Pass сервисинен уюмдун беттештерин түз эфирден көрсө болот. Кыргызстанда бул тиркемени айына 277 сом төлөп колдонушат.
Ошондой эле акы төлөп More.TV жана Wink платформаларынан көрө аласыздар.
Аралаш мушташтын күйөрмандарына Setanta Sports (кээде блоктолуп калат) телеканалы бекер беттеш көрсөтүүнү убадалоодо.
NewsMMA сайтында дагы түз эфирден беттеш көрсөтүлөт.
Курулушка кезинде жүздөгөн техника, жумушчулар тартылып, миллиондогон рубль акча жумшалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн негизги авиациялык жайы кандай кыйынчылыктар менен курулуп, ири долбоор кантип ишке ашканына кызыгып көрдү.
Кыргыз ССРинин борборуна жаңы аэропорт куруу демилгеси 1969-жылы көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик Москвага каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени Фрунзе шаарынын Тынчтык (азыркы Чыңгыз Айтматов) проспектисине жакын жайгашкан аба майдандын жүргүнчүлөрү көбөйүп, коопсуздук маселеси дагы тынчсыздануу жараткан. Аталган аэропорт аркылуу каттаган адамдардын саны бир жылда 550 миңге чукулдап калган эле. Ошондой эле учуп-конуу тилкесинин айланасына турак жайлар жакын болгондуктан учкучтар көбүнчө ал үйлөрдүн үстүнөн 40-50 метр бийиктикте эле өтүшчү. Андан сырткары, ал жерде Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик тик учактары, аэродрому да болуп бир катар кооптуу тобокелчиликтерди пайда кылган.
Бирок СССРдин Жарандык авиация министрлиги, Мамлекеттик пландык комитети кыргыз бийлигине төмөндөгүдөй жооп берген:
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча жаңы аэропортту салууга 46-50 миллион рубль жумшалат. Аталган курулушту шаардын четине чыгаруу 80-жылдарга гана пландалган".
Ага карабай кыргыз бийлигинин башында турган Турдакун Усубалиев өжөрлөнүп СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев, Алексей Косыгинге чейин барып, аларды макул кылат. Жыйынтыгында СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Фрунзедеги жаңы аэропорттун курулушун 1972-жылы баштоо боюнча токтом кабыл алган.
Ошентип жаңы аэропорттук комплексти толугу менен долбоорлоо милдети СССРдин Жарандык авиация министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук "Аэропроект" илимий-изилдөө институтуна жүктөлүп, адистер Москвадан бери келген. Ири курулушту каржылоонун негизги бөлүгүн борбордук бийлик бөлгөн. 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуларга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып коммуникация тартылган.
Курулуш 1973-жылы башталган. Ошол учурду Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев мындайча жазган:
"Башында киришкенде иштөө шарттары аябай оор болчу. Куруучулар кагыраган жерди бир метрден четинен багындырган. Жайкысын күндүн ысыгы 40 градуска чейин жогорулаганда көпчүлүк жумуштар кеч киргенде жасалчу", — деп жазган мамлекеттик ишмер.
Ошондой эле жаңы аэропорт менен Фрунзе шаарын байланыштырган 30 чакырым узундуктагы автомагистраль салынып, ал жактагы автовокзал колдонууга берилип, жолду бойлой көчөт тигилген. Аба майдан 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата ачылып, жаңы аэропортко биринчилерден болуп СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин конгон.
Андан соң аэровокзал жана кошумча объектилердин курулушу башталып, беш чакырымдан ашык суу түтүктөрү, 40 чакырымдай электр чубалгылары тартылып, жүздөгөн куруучу комплекстин ичи-тышын жасаган. Эң кызыгы, темир жолдон аэропортко чейин 30 чакырым узундуктагы авиакеросин түтүгү жер алды менен алып келинген. Ал аркылуу авиациялык жайдагы учактар өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалып турган. Эгер андай түтүктөр жаткырылбаганда күн сайын ондогон унаа борбордон аэропортту көздөй каттамак. Тилекке каршы, кийин ал объектилер каралбай, ушу тапта иштетилбей жер алдында чирип жатат.
80-жылдардын соңуна чейин "Манас" аэропортунун курулушуна жалпы 80 миллион рублдей акча кеткен. Анын төрттөн бир бөлүгүн кыргыз бийлиги чыгарса, калганы бүткүл союздук казынадан келген. Аба майдан заманбап техника менен жабдылып, авиациялык жай түрдүү типтеги учактарды кыйынчылыксыз кабыл алып калган.
Ата мекендик авиациянын ардагер учкучу Кубанычбек Козубековдун союз тарагандан кийин Кыргызстанда авиация тармагы кантип кыйраганын айтып берди.
"Союз маалында борборлоштурулган башкаруу болчу, учактын тетиктери, техниканы оңдоо, күйүүчү-майлоочу материалдар, автоунаалар өз убагында келчү. Ал кездеги авиация менен азыркыны салыштырууга болбой калды. Мисалы, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алганда "Манас" аэропортунда ТУ-154 учагынан 13, ТУ-134төн төртөө жана Ми-8 деген тик учактан ондон ашыгы бар эле. 90-жылдары алар оңдолбой, каралбай токтоп тура берип, ата мекендик авиация кыйрады. Мамлекет башындагылар аэропорттун карамагындагы объектилерди ич ара бөлүшүп алышты да, салык төлөбөй иштеп миллиондорду таап жүрүшкөн", — деди Козубеков.
Учурда республиканын негизги аэропорту жыл сайын миллиондогон жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп, КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 30дай түрдүү каттам аткарып, 20га чукул эл аралык авиакомпания менен кызматташып келет.
Материал көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, ардагер учкучтардын эскерүүлөрүнүн жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде жасалды.