Футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстанда мыктылыгын көрсөтө баштады

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов. Архив
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кайраттын" намысын коргоп жаткан Кыргызстан улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов сол канаттагы жарым коргоочулардын мыктысы деп тандалган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Казакстандын кесипкөй футболдук лигасы өлкө чемпионатынын 4-турундагы өзгөчөлөнгөн футболчуларды атап, тизмеге кыргызстандык Гүлжигит Алыкуловду киргизди. Бул тууралуу футболдук уюмдун Facebook тармагындагы расмий баракчасында айтылат.

Мыктылардын тизмесине "Кайрат" клубунан үч футболчу кошулган. Алматылык команданын намысын коргоп жаткан Кыргызстан улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов сол канаттагы жарым коргоочулардын мыктысы деп тандалган.

"Дордой" кезектеги жеңишти камсыздап, чемпиондук жарышта алдыга озду

"Алыкулов "Каспий" менен беттеште өзүнүн мыкты дриблингин көрсөтө алды. Кыргызстандык хавбек (жарым коргоочу) сегиз ирет атаандаштарынан ийгиликтүү буйтап өтүп, эки жолу дарбазачыга коркунуч жараткан. Ал ошондой эле 11 метрлик айып тобун тебүү мүмкүнчүлүгүн жаратып, андан "Кайрат" биринчи голун киргизген. Оюнчунун аракетинин индекси 293 деп бааланган", — деп айтылат маалыматта.

"Дордой" клубунун тарбиялануучусу Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында эки жылдык келишим менен Казакстандын "Кайрат" клубунун катарына кошулган. Өткөн жылы ал "Кыргызстандын мыкты футболчусу" деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0