“Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив

Роналдунун голу Чемпиондор лигасынын мыкты голу деп тандалды. Видео

422
Футбол күйөрмандары УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин 2019/2020-жылдагы сезонунун мыкты голу деп Криштиану Роналдунун голун тандады.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун “Лионго” киргизген голу күйөрмандардын тандоосу боюнча Чемпиондор лигасынын быйылкы сезонунда мыкты гол деп табылды. Бул тууралуу маалымат УЕФАнын расмий сайтына жарыяланды.

​Мелдештин жарым чейрек финалынын жооптук беттешинде Роналдунун “Лион” клубунун дарбазасына алыстан багыттаган кубаттуу соккусу мыкты голго айланган. Ал күйөрмандардын 400 миң добушуна ээ болуп, мелдештин мыкты голу деп тандалган.

Бул эки команданын биринчи беттеши 1:0, "Лиондун" пайдасына, жооптук оюн 2:1 "Ювентустун" жеңиши менен аяктаган. Эки беттештин жыйынтыгында бөтөн жерде киргизген голдун артыкчылыгы менен франциялык команда кийинки баскычка чыккан.

Футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстанда мыктылыгын көрсөтө баштады

“УЕФАнын техникалык баяндамачылары жакынкы күндөрү он мыкты голдун тизмесин расмий жарыялайт. Азырынча күйөрмандардын тандоосу болду. “Лейпциг” клубунун футболчусу Марсель Забицердин киргизген тобу экинчи сапка чыкты. Ал эми “Ювентустун” дагы бир оюнчусу Хуан Куадрадо киргизген топ алдыңкы үчтүктү толуктады”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, УЕФАнын мелдешинин финалына германиялык “Бавария” менен франциялык “Пари Сен-Жермен” клубу чыгып, немецтик команда 1:0 эсебинде утуп чемпион болгон.

422
Белгилер:
Криштиану Роналду, гол, Чемпиондор лигасы
Тема боюнча
"Месси, үйдө кал!". Футболчунун кетишин каалабаган фанаттар акцияга чыгышты. Видео
Америкалык мушкер Жастин Гэтжи. Архив

Гэтжи: Нурмагомедовдун бети-башын канга боёйм

215
(жаңыланган 19:12 23.09.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашы 24-октябрда өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болмокчу.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Америкалык мушкер Жастин Гэтжи UFC чемпиондугу үчүн россиялык Хабиб Нурмагомедов менен боло турган беттешин кандай пландап жатканын айтты. Бул тууралуу BJ Penn маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашы 24-октябрда өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болмокчу. Гэтжи учурда Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын жеңил салмактагы чемпиондук курунун утурумдук ээси болуп саналат.

"Мен Хабибдин оозун канжалатарымды билем. Мен анын өзүнүн токмоктолгонун көрсүн дейм. Анын буга жасаган реакциясын көргүм келет. Ал мендей келесоо эмес. Анын мушташуу ыкмасы канжалата сабаган көрүнүштөрдү камтыбайт. Өзүнүн канга боёлгон абалын көрүп калышы мүмкүн экени Нурмагомедовдун оюна да келбесе керек. Бул ал үчүн эч качан чечүүчү фактор болгон эмес", — деген Гэтжи.

Жастин Гэтжи ушул жылдын 9-майында мекендеши Тони Фергюсонду уткандан кийин россиялык мушкерге башкы атаандаш болгон. ММА спортунда Гэтжи 24 беттеш өткөрүп, анын 22син утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Нурмагомедов октагондо Гэтжиден эмнеси менен айырмаланарын айтты

Ал эми Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон. Акыркы ирет россиялык мушкер 2019-жылдын 8-сентябрында америкалык Дастин Порье менен октагонго чыгып, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC чемпиону наамын экинчи ирет коргогон. Дагестандык спортчу учурда дүйнөдөгү эң абройлуу мушкерлер уюмунун жеңил салмактагы чемпиону.

215
Белгилер:
кур, чемпион, беттешүү, Хабиб Нурмагомедов, UFC, Жастин Гэтжи
Тема боюнча
UFC "Мушкерлер аралында" 5 мелдеш өткөрүп, бирине Хабиб Нурмагомедов чыгат
Манчестер Сити клубунун жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне

Роналду да, Месси да жок. УЕФАнын "мыкты футболчусуна" үч талапкер тандалды. Видео

100
(жаңыланган 18:27 23.09.2020)
УЕФАнын мыкты футболчу сыйлыгы 2010-жылдан бери ыйгарылып келет. Анын тарыхында Криштиану Роналду менен Лионель Месси алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кирбей калды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Манчестер Сити" клубунун жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне, "Бавариянын" чабуулчусу Роберт Левандовски жана дарбазачысы Мануэль Нойер УЕФАнын 2019/2020-жылдагы мыкты футболчусу сыйлыгына башкы үч талапкердин катарына кирди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.

УЕФАнын мыкты футболчу сыйлыгы 2010-жылдан бери ыйгарылып келет. Анын тарыхында Криштиану Роналду менен Лионель Месси алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кирбей калды.

Талапкерлер 2019/2020-жылы Чемпиондор лигасына жана Европа лигасына катышуучу клубдардын 80 машыктыруучусу, ошондой эле 55 журналист курамына кирген калыстардын добушу менен тандалган. Мында машыктыруучуларга өз клубунда ойногон футболчуларга добуш берүүгө уруксат берилген эмес.

Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео

Европанын мыкты футболчусунун ысымы Чемпиондор лигасы мелдешинде өзгөчөлөнгөн футболчулар менен кошо 1-октябрда Ньон шаарында Чемпиондор лигасынын 2020/2021-жылдагы сезонуна чүчү кулак тартуу салтанатында айтылат.

Тандоого ылайык кийинки катарларда:

4. Лионель Месси (Барселона) 53 добуш

Неймар (Пари Сен-Жермен) 53 добуш.  Экөө бир сапта туруп калды.

5. Томас Мюллер (Бавария) 41 добуш

6. Килиан Мбаппе (Пари Сен-Жермен) 39 добуш

7. Тьяго Алькантара (Бавария) 27 добуш

8. Жошуа Киммих (Бавария) ) 26 добуш

9. Криштиану Роналду (Ювентус) 25 добуш алышкан.

100
Белгилер:
Чемпиондор лигасы, мыкты оюнчу, футбол
Тема боюнча
FIFA футбол командаларынын рейтингин жаңылап, Кыргызстан бир сапка көтөрүлдү
Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?