Гүлжигит Алыкулов УЕФА мелдешиндеги дебюттук оюнунда гол киргизди. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мыкты футболчусу Гүлжигит Алыкулов. Архив
Кыргызстандын мыкты футболчусу Гүлжигит Алыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлжигит Алыкулов Европа футбол уюмунун мелдештеринде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу болуп калды.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандын мыкты футболчусу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат Алматы" (Казакстан) командасы менен УЕФАнын Европа лигасы мелдешиндеги дебюттук оюнунда гол киргизди. Бул тууралуу казакстандык клубдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

А вот и «Кыргызский Месси» — 1:1. #kaz #football #alga

Публикация от SPORTS.KZ (@kzsports)

Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдештеринде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу болуп калды. 

" Гүлжигит жана анын командасы Армениянын "Ноа" клубу менен ойноду. Эсепти армениялыктар 9-мүнөттө ачкан. Беттештин 12-мүнөтүндө "Кайраттын" кыргызстандык футболчусу Гүлжигит Алыкулов гол киргизип, эсепти теңеди (1:1). Жыйынтыгында алматылыктар 4:1 эсебинде утуп, мелдешти ийгиликтүү башташты.

Роналдунун голу Чемпиондор лигасынын мыкты голу деп тандалды. Видео

Аталган мелдештин негизги стадиясына чыгуу үчүн Гүлжигиттин казакстандык клубу дагы эки тандоо туру жана плей-офф баскычынан ийгиликтүү өтүүсү керек.

Европанын абройлуу уюмунун мелдештеринде ойногон кыргызстандык футболчулардан болсо, Алыкулов үчүнчү сапка жайгашты.

Буга чейин улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдешинин баштапкы (квалификация) этаптарында ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0