Испаниянын Барселона футболдук клубу чабуулчу Лионель Мессинин архивдик сүрөтү

ЖМК: "Барселона" Мессини "Манчестер Ситиге" сатууга макул

271
(жаңыланган 14:23 30.08.2020)
Соодалашкан эки команданын тең Мессинин "Манчестер Сити" клубуна өтөрүнө ишеним артып жатканы белгиленди.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Испаниянын "Барселона" футболдук клубу чабуулчу Лионель Мессини англиялык "Манчестер Сити" клубуна сатууга макул. Бул тууралуу маалыматты Mirror булагына таянып РИА Новости жарыялады.

Маалыматка ылайык, каталониялык клуб 33 жаштагы аргентиналык футболчунун трансфери боюнча мунасага келип, кошумча төлөм суроо менен чабуулчуну алмаштырууга даяр. Материалда эки клубдун тең Месси карьерасын англиялык командада улантарына ишеним артканы айтылат.

Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү

"Барселона" өз кезегинде "Манчестер Сити" клубунун коргоочусу Эрик Гарсияны алууга кызыкдарлыгы, Рональд Куман Мессисиз жаңы курамды түзүүгө даярданып жатканы белгилүү болду.

Лионель Месси каталониялык клуб УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында "Бавариядан" 8:2 эсебинде жеңилип, мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алган

Кийинчерээк бул кабарды клуб да тастыктаган. Аргентиналык футболчунун "Манчестер Сити" клубуна өтүү ниети бар экенин ЖМКлар жазды. Чабуулчуга ошондой эле франциялык "Пари Сен-Жермен" жана италиялык "Ювентус" кызыкдарлыгын билдиришкен.

"Месси, үйдө кал!". Футболчунун кетишин каалабаган фанаттар акцияга чыгышты. Видео

Лионель Месси "Барселона" клубунун курамында 2004-жылы оюнга чыгып, азыркы күнгө чейин ойноп келген. Клуб менен ал он ирет өлкө чемпионатын, алты жолу өлкө Кубогун, ошондой эле төрт жолу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешин уткан.

Месси алты жолу дүйнөнүн мыкты футболчусу деп табылып "Алтын топ" сыйлыгын алган жалгыз футболчу.

271
Белгилер:
трансфер, Манчестер Сити ФК, Барселона, Лионель Месси, футбол
Тема боюнча
"Месси, үйдө кал!". Футболчунун кетишин каалабаган фанаттар акцияга чыгышты. Видео
Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү
Дордой футбол клубунун оюнчулары

"Дордой" футбол клубу мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду

99
(жаңыланган 13:42 01.10.2020)
"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" клубу футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2020-жылдагы чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирди.

"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери бүгүн, 1-октябрда, мелдештик жарышта экинчи сапта келе жаткан Бишкектин "Алга" клубун утуп алды.

Бишкекте тынчтыкты даңазалаган футбол майрамы өттү. Сүрөттөр

Беттеш Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өтүп, талаа ээси катары ойногон "Алганы" "Дордой" 1:5 эсебинде утту.

Муну менен "Дордой" үчүнчү ирет удаасы менен, ал эми тарыхында 12-ирет чемпион болду.

Кыргызстандын чемпиону быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу борборлоштурулган форматта Кант шаарында күйөрмансыз өттү.

99
Белгилер:
"Дордой" ФК, футбол
Тема боюнча
Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео
Азербайджан аскери. Архивдик сүрөт

Карабах чыры. Азербайжандык MMA мушкери армияга чакырылды

356
(жаңыланган 17:33 30.09.2020)
Спортчу аскердик кызмат өтөөгө кечээ жиберилген. Азербайжан бийлиги буга чейин Армения менен Тоолуу Карабахта болгон аткылашуунун тушунда мобилизациялоо жарыялаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Азербайжандык эрежесиз эр уруш (ММА) мушкери Тофик Мусаев өз ыктыяры менен өлкөнүн армиясынын куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылды. Бул тууралуу Azerisport.com маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, спортчу аскердик кызмат өтөөгө кечээ жиберилген. Азербайжан бийлиги буга чейин Армения менен Тоолуу Карабахта болгон аткылашуунун тушунда мобилизациялоо жарыялаган.

Ингушетиядагы операцияда КРде легионер-спортчу болгон Евлоев жок кылынды

Мусаев ММА спортундагы карьерасында 21 беттештин 18ин жеңип, үч ирет утулган. 30 жаштагы мушкер учурда Rizin мушкерлер уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси болуп саналат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Aslan Ismayılov 🇦🇿 (@aslan.ismayilov)

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялагандан соң, Азербайжан да өз өлкөсүнө аскердик абал киргизген.

356
Белгилер:
Тоолуу Карабах, армия, мушкер, ММА
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео
Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...
БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы эрегиш боюнча билдирүү жасады
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү

0
Боордошторго байланышкан долбоорлордон тышкары эки аткаминер инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында башталган элдешүү процессин колдой турганын, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын орношу үчүн жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында ал процесстин ишке ашарына үмүт артарын билдирди.

0
Белгилер:
мамиле, Афганистан, Чыңгыз Айдарбеков, Памир кыргыздары
Тема боюнча
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны