Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу

© AP Photo / Frank Franklin IIАтактуу боксчу Майк Тайсон. Архив
Атактуу боксчу Майк Тайсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күзүндө ааламга атагы чыккан ардагер боксчулар Майк Тайсон менен Рой Жонстун кичүүсү рингде күч сынашканы турат. Sputnik агенттиги Кыргызстандагы белгилүү спортчулар менен машыктыруучулардан болжолдуу жеңүүчүнү жана беттештин жүрүшүн сурады.

Профессионалдык бокстун чеберлери Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши 28-ноябрга белгиленген. Турнир буга чейин 12-сентябрда Калифорнияда болору айтылып, уюштуруучулар спорттук иш-чарадан түшүүчү кирешени арттыруу максатында кийинкиге жылдырышкан.

Эки спортчу тең рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатканын белгилей кетели. Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттештерге чыга элек.

54 жаштагы Тайсон 58 жолу рингге чыккан. 50 атаандашын жеңген, анын 44үн нокаут менен уткан. Алты жолу утулса, эки кармашы өтпөй калган.

Атаандашы Россиянын жарандыгын алган америкалык мушкер, дүйнөнүн экс-чемпиону Рой Жонс 51 жашта. Спорттук жолунда 66 беттешин утуп, анын ичинде 47 атаандашын нокаут менен жеңген. Тогуз жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Учурда дөө-шаа спортчулардын беттешин дүйнө эли кеп кылып жатканы маалым. Редакция бул боюнча Кыргызстандагы белгилүү спортчулар менен машыктыруучулардын пикирин укту. Алар беттештин жүрүшүн кандай элестетерин, ким утушу ыктымалдыгын жана жаш өтүп калган убакта рингге чыгуунун күңгөй-тескейи тууралуу айтып беришти.

Орзубек Назаров, дүйнөнүн жети жолку чемпиону:

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров

— Бокс карып калган убакта алектене турчу спорт эмес. Боксту аркалаганда денени, организмди, ошондой эле психологиялык жактан мээни машыктырабыз. Ал эми жаш өтүп калганда мунун кесепети тийиши мүмкүн. Тайсон дагы, Жонс дагы акыркы беттештеринде кулап түшкөнүн билебиз. Бул жакшы жышаан эмес.

Интернеттен мелдеш атайын уюштурулган көргөзмө дегендей айтылып жатат. Бирок бокста мындай беттештердин болоруна ишенбейм. Бизде жадагалса спарринг дагы оңой эмес. Негизи башында ал жай башталып, соңунда чыныгы боксташууга айланып кетет. Анүстүнө Тайсондун соккусу аябай күчтүү. Азыркы машыгууларынын видеосунан дагы бул өзгөчөлүгү байкалып жатат. Экинчи жагынан анын беттешүүгө каалоосу күч болуп турат.

Майк Тайсон жана Рой Жонс беттешке кандай даярданып жатышат. Видео

Рой Жонс акыркы беттештеринде бир нече жолу кулап түшкөн. Бирок спортто "айнек ээк" деген түшүнүк бар. Бул соккудан жыгылгандарга карата айтылган сыпаттама сөз. Менимче, Жонстун ээги ошондой. Ал дагы азыр жаш кездегидей шамдагайлыгын, тез реакция кылган сапатын жоготкон жок.

Бирок Жонс жашыраак болгонуна карабастан Тайсондун жеңүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Себеби ал атаандашынан алдуу-кубаттуу, ошондой эле өжөр, бет алганынан кайтпаган киши.

Акжол Ажибеков, 17 жылдан бери машыктыруучулукту аркалап келет:

© Sputnik / Асель АкматалиеваМашыктыруучу Акжол Ажибеков
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу Акжол Ажибеков

— Тайсон менен Жонстун беттеши мени кызыктырбайт. Бокс жаатындагы адистер дагы кармашка көңүл бурбаса керек. Себеби бул жөн эле коммерциялык шоу. Эки боксчу тең карып калды, жылдыз болуп, атак-даңкка бөлөнүп турган замандары эбак өткөн.

Эгер беттеш өтүп калса, менин оюмча, Жонстун утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Анткени Тайсон узак дистанцияга чыдабайт, ал тез арада жеңип алууну көздөйт. Жонс рингде коргонуунун эң жакшы жолдорун өздөштүргөн. Ал "ойноп" беттешип отуруп, кармашууну узак аралыкка созгонго аракет жасайт.

Алмазбек Раимкулов, профессионалдык бокс боюнча АКШнын төрт жолку чемпиону:

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессионалдык бокс боюнча АКШнын төрт жолку чемпиону Алмазбек Раимкулов
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу - Sputnik Кыргызстан
Профессионалдык бокс боюнча АКШнын төрт жолку чемпиону Алмазбек Раимкулов

— Рой Жонс менен Майк Тайсон спортчуларга мастер-класс көрсөтүү үчүн рингге чыкканы жатат деп ойлойм. Мындай куракта, албетте, көбү эле ден соолугун тобокелдикке салгысы келбейт. Бирок Америкада спорттун деңгээли кандай экенин билебиз, колдоо чоң болот.

Жонс рингде тез, шамдагай, техникасы күчтүү боксчу. Тайсон менен аралыкты сактап, жакын жолотпой беттешсе утушу мүмкүн. Ал эми Тайсон 1-2 раундда каршылашын өз стилинде сокку узатып, жерге жыгышы керек. Эгер алгачкы эки раунддун ичинде беттешти бүтүрүп салбаса, Жонс упай менен жеңишти алып кетиши ыктымал.

54 жаштагы Тайсон машыгууда укмуштуудай реакциясын көрсөттү. Видео

Данияр Жусубалиев, бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу:

© Фото / из личного архива Данияа ДжусубалиеваБокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу - Sputnik Кыргызстан
Бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев

— Спортчулардын дөө-шаалары күзүндө бокстун чыныгы майрамын тартуулаганы турат. Алар жаш кезинде укмуш атак-даңкка бөлөнгөнүн жана рингдеги техникасы кандай болгонун билебиз. Бирок азыркы жашында ошентип беттеше алары белгисиз.

Менимче, шоу кылуу үчүн кармашты узакка созушат жана өздөрүн аяп, рингде айрым нерселерди кылбай коюшу мүмкүн. Ошондуктан жеңишти камсыздоодо экөөнүн мүмкүнчүлүгү бирдей эле. Бирок мен Тайсондун утарына ишенем, себеби ал чагылгандай тез иштейт, соккулары күчтүү.

Юрий Гагаринден Рой Жонско чейин. Ак калпак мырзаны көркүнө чыгарат

Акжол Сулайманбек уулу, WBA версиясы боюнча Азиянын үч жолку чемпиону:

© Sputnik / Светлана ФедотоваWBA версиясы боюнча Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Сулайманбек уулу
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу - Sputnik Кыргызстан
WBA версиясы боюнча Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Сулайманбек уулу

— Мен Рой Жонс менен Майк Тайсондун беттешерине 100 пайыз ишенбейм, алар рингде жолукпай деле калышы ыктымал.

Эгерде кармашуу болсо упайдын эсеби менен Жонс, нокаут менен Тайсон утуп алат деп болжолдоп жатам. Негизи Майк ортодо көп убакыт тыным алып койду, ошондуктан анын атаандашында көбүрөөк мүмкүнчүлүк бар.

Азат Усеналиев, бокс боюнча Азия чемпиону:

© REUTERS / CATHAL MCNAUGHTONБокс боюнча Азия чемпиону Азат Усеналиев
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу - Sputnik Кыргызстан
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Усеналиев

— Бул кармашуу боюнча божомол кылуу азыр кыйын. Анткени ортодогу тыныгуудан кийин экөө азыр машыгууну жаш кездегидей алып кетип жатабы-жокпу, формасына келген-келбегени али белгисиз. Бирок мен Майк Тайсондун утуп чыгарына көбүрөөк ишенем. Себеби ал абдан күчтүү. Рой Жонс өзүнүн шамдагайлыгы менен белгилүү, бирок азыркы курагында андай сапатын көрсөтө алар-албасын билбейм.

Тайсон акулалар менен кармашканда. Шоунун видеосу

Боксчулар 4-раундга чейин бирдей эле беттеш көрсөтүп, андан кийинки раунддарда артыкчылыктары билине баштаса керек. Негизинен мындай куракта рингге чыгуу ден соолукка зыян деп эсептейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0