Криштиану Роналду Порту шаарындагы Драгау стадионунда Португалия менен Хорватия командалары ойноп жаткан учурунда

Криштиану Роналду трибунада бет кабы жок отурганда стюард келип тактырды

276
(жаңыланган 14:40 06.09.2020)
Оюн Европанын учурдагы чемпиондорунун 4:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Бул ирет Роналду футбол талаасына чыккан эмес.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Португалияда трибунада бет кабы жок футбол оюнун көрүп отурган Криштиану Роналду стюарддын өтүнүчү менен тагынды. Бул тууралуу Sport24 басылмасы жазды.

​5-сентябрда Порту шаарындагы "Драгау" стадионунда Португалия менен Хорватия командалары беттешкен. Оюн Европанын учурдагы чемпиондорунун 4:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Бул ирет чабуулчу Роналду футбол талаасына чыккан эмес.

Күйөрманы жок оюнда Мессинин фанаты талаага чуркап чыгып сүрөткө түштү. Видео

Бирок ага карабай спортчу өзүнүн өнөктөштөрүн трибунадан колдоп турду. Ошол учурда Роналдуга стадиондо иштеген кыз келип коопсуздук эрежесин сактап бет кабын тагынып алууну өтүнгөн. Футболчу  колундагы бет кабын алып тагынган.

276
Белгилер:
бет кап, Криштиану Роналду, футбол
Тема боюнча
Кетем деп чуу түшүргөн Месси "Барселонада" калмай болду. Чоо-жайы
Ирмемди кармады! Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун кезектеги чеберчилиги видеодо
Америкалык мушкер Жастин Гэтжи. Архив

Гэтжи: Нурмагомедовдун бети-башын канга боёйм

318
(жаңыланган 19:12 23.09.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашы 24-октябрда өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болмокчу.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Америкалык мушкер Жастин Гэтжи UFC чемпиондугу үчүн россиялык Хабиб Нурмагомедов менен боло турган беттешин кандай пландап жатканын айтты. Бул тууралуу BJ Penn маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашы 24-октябрда өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болмокчу. Гэтжи учурда Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын жеңил салмактагы чемпиондук курунун утурумдук ээси болуп саналат.

"Мен Хабибдин оозун канжалатарымды билем. Мен анын өзүнүн токмоктолгонун көрсүн дейм. Анын буга жасаган реакциясын көргүм келет. Ал мендей келесоо эмес. Анын мушташуу ыкмасы канжалата сабаган көрүнүштөрдү камтыбайт. Өзүнүн канга боёлгон абалын көрүп калышы мүмкүн экени Нурмагомедовдун оюна да келбесе керек. Бул ал үчүн эч качан чечүүчү фактор болгон эмес", — деген Гэтжи.

Жастин Гэтжи ушул жылдын 9-майында мекендеши Тони Фергюсонду уткандан кийин россиялык мушкерге башкы атаандаш болгон. ММА спортунда Гэтжи 24 беттеш өткөрүп, анын 22син утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Нурмагомедов октагондо Гэтжиден эмнеси менен айырмаланарын айтты

Ал эми Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон. Акыркы ирет россиялык мушкер 2019-жылдын 8-сентябрында америкалык Дастин Порье менен октагонго чыгып, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC чемпиону наамын экинчи ирет коргогон. Дагестандык спортчу учурда дүйнөдөгү эң абройлуу мушкерлер уюмунун жеңил салмактагы чемпиону.

318
Белгилер:
кур, чемпион, беттешүү, Хабиб Нурмагомедов, UFC, Жастин Гэтжи
Тема боюнча
UFC "Мушкерлер аралында" 5 мелдеш өткөрүп, бирине Хабиб Нурмагомедов чыгат
Манчестер Сити клубунун жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне

Роналду да, Месси да жок. УЕФАнын "мыкты футболчусуна" үч талапкер тандалды. Видео

148
(жаңыланган 18:27 23.09.2020)
УЕФАнын мыкты футболчу сыйлыгы 2010-жылдан бери ыйгарылып келет. Анын тарыхында Криштиану Роналду менен Лионель Месси алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кирбей калды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Манчестер Сити" клубунун жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне, "Бавариянын" чабуулчусу Роберт Левандовски жана дарбазачысы Мануэль Нойер УЕФАнын 2019/2020-жылдагы мыкты футболчусу сыйлыгына башкы үч талапкердин катарына кирди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.

УЕФАнын мыкты футболчу сыйлыгы 2010-жылдан бери ыйгарылып келет. Анын тарыхында Криштиану Роналду менен Лионель Месси алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кирбей калды.

Талапкерлер 2019/2020-жылы Чемпиондор лигасына жана Европа лигасына катышуучу клубдардын 80 машыктыруучусу, ошондой эле 55 журналист курамына кирген калыстардын добушу менен тандалган. Мында машыктыруучуларга өз клубунда ойногон футболчуларга добуш берүүгө уруксат берилген эмес.

Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео

Европанын мыкты футболчусунун ысымы Чемпиондор лигасы мелдешинде өзгөчөлөнгөн футболчулар менен кошо 1-октябрда Ньон шаарында Чемпиондор лигасынын 2020/2021-жылдагы сезонуна чүчү кулак тартуу салтанатында айтылат.

Тандоого ылайык кийинки катарларда:

4. Лионель Месси (Барселона) 53 добуш

Неймар (Пари Сен-Жермен) 53 добуш.  Экөө бир сапта туруп калды.

5. Томас Мюллер (Бавария) 41 добуш

6. Килиан Мбаппе (Пари Сен-Жермен) 39 добуш

7. Тьяго Алькантара (Бавария) 27 добуш

8. Жошуа Киммих (Бавария) ) 26 добуш

9. Криштиану Роналду (Ювентус) 25 добуш алышкан.

148
Белгилер:
Чемпиондор лигасы, мыкты оюнчу, футбол
Тема боюнча
FIFA футбол командаларынын рейтингин жаңылап, Кыргызстан бир сапка көтөрүлдү
Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео
Манас эпосу. Архив

"Манас" эпосунун казак тилиндеги жаңы котормосу чыкты. Өзгөчөлүгү

0
(жаңыланган 21:43 24.09.2020)
Автор буга чейин Казакстанда басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешерин жана балдарга анча түшүнүксүз экенин айткан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Белгилүү манасчы Баянгали Алимжанов "Манас" эпосунун казакча котормосунун жаңы версиясын тартуулады. Бул тууралуу "Казинформ" жазды.

Ага ылайык, 40 жылдан бери манас айтып келген Алимжановдо эпосту өз версиясында которуу идеясы былтыр жаралган.

Анын айтымында, казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун жетекчилиги алдында басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешет жана балдарга анча түшүнүксүз.

Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

Алимжанов 100 миң сапты түшүнүү окурманга оңой эмес экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстанда балдар үчүн "Манастын" бир томдугу чыкканын айта кеткен.

"Мен "Манасты" 67 күндүн ичинде толугу менен которуп бүттүм. Китептин өзгөчөлүгү — эпостун эң күчтүү, көркөм, поэтикалык үзүндүлөрү Манастын рухун чагылдырган прозада баяндалган. Эпосту кыскача, келечек муундарга түшүнүктүү тилде бергим келди. Манасты ар бир манасчы өзүнчө айтат. Эпостун сюжети бирдей болгону менен түрдүүчө берилет", — деген Алимжанов.

Китептин бет ачары Нур-Султандагы Достук үйүндө өткөн.

0
Белгилер:
котормо, Манас эпосу, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты