Нурмагомедов октагондо Гэтжиден эмнеси менен айырмаланарын айтты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүП/к бойца ММА Х. Нурмагомедова
П/к бойца ММА Х. Нурмагомедова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык мушкер анын сокку узатуу техникасын көбү баалай бербей турганын моюндаган. Бирок ага карабастан Гэтжиден өйдө турарын айткан.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык атаандашы Жастин Гэтжиден октагондо эмнеси менен айырмалана турганын айтып берди. Бул тууралуу ал "Известияга" берген маегинде билдирди.

Агенттиктин журналисти мушкерден анын өзгөчөлүгү сокку узатуубу же чыдамкайлыкпы деп сураган.

Нурмагомедов: Гэтжиден кийин Макгрегор менен кармашууга даярмын

"Чыдамкайлык жагынан каршылашымдан бир топ өйдө турам деп эсептейм. Ал эми сокку жагынан... Көбү бул жагымды баалай бербейт. Мен 12 жашыман профессионалдар арасында чыгып келем. Ошол убактан бери бети-башыман жаракат алган учур боло элек. Жастин Гэтжини эки ирет нокаутка кетиришкен. Бирок ошого карабастан катуу, бышык спортчу. Бирок сокку узатуу техникасы жагынан да андан жогору турам деп эсептейм", — деген Нурмагомедов.

Ошондой эле россиялык мушкер Гэтжи күрөшүүдө мыкты коргоно аларын белгилеген.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында Гэтжи менен күч сынашат. Анда россиялык мушкер наамын үчүнчү ирет коргомокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0