"Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы боюнча сот кийинкиге жылдырылды. Себеби

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы аталган саясий бирикменин талапкерлерин каттоодон баш тарткан. Мындан соң партия сотко кайрылган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызы боюнча соттук процесс 9-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен маалымдады.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы аталган саясий бирикменин талапкерлерин каттоодон баш тарткан. Ага БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калышы себеп болгон. Шайлоо комиссиясы аларды каттоодон баш тарткандыгын жана талапкерлерди тандоодогу добуш берүүдө мыйзам бузуу фактылары катталгандыгын айткан.

Партиялар кайсы күнү ким менен теледебатка чыгат? Убакыт-сааты

Соттук отурум 9-сентябрь күнү саат 11:00дө болот. Буга партия мүчөлөрү БШКнын мүчөлөрү Кайрат Осмоналиев менен Атыр Абдрахматованы күбө катары чакыртуу өтүнүчү себеп болду. Алар бул партиянын шайлоодон четтетилиши боюнча каршы пикир айтып келишкен.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0