Forbes Конор Макгрегордун жылдык кирешесин жарыялады

© REUTERS / Mike BlakeИрландиялык спортчу, UFC уюмунун мушкери Конор Макгрегор. Архив
Ирландиялык спортчу, UFC уюмунун мушкери Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирландиялык мушкер байлыгынын 30 миллион долларын Дональд Серроне менен болгон беттеште иштеп тапкан.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ирландиялык спортчу, UFC уюмунун мушкери Конор Макгрегор Forbes журналынын тандоосу боюнча 2020-жылдагы дүйнөнүн эң бай 100 таанымал адамдардын катарына кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мушкердин байлыгы 48 миллион долларды түзүп, акчалуулардын тизмесинде 53-сапка жайгашты. Бул каражаттын 30 миллион долларын ал Дональд Серроне менен болгон беттеште иштеп тапкан.

"Ковбой" каймана ат менен таанылган мушкер менен Конор 2020-жылдын январь айында беттешип, ирландиялык спортчу биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.

UFC: россиялык мушкер Петр Ян Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео

Мушкердин кирешесинин дагы бир бөлүгү Reebok фирмасынын демөөрчүлүк келишиминен түшөт. Спорт кийимдерин чыгаруучу бул фирма Конорго жылына беш миллион доллар төлөп турат.

Мындан сырткары, Макгрегорго 2018-жылы өндүрүшкө киргизген виски чыгаруучу жеке бренди киреше алып келет.

Буга чейин Sportsmail спорттук жаңылыктар порталы UFC уюмунун эң көп маяна төлөнгөн мушкерлеринин рейтингин чыгарып, анда ирландиялык мушкер бул тизмеде алдыңкы сапты ээлеген.

Конор Макгрегор ММА спортунда 26 беттешке чыгып, 22 атаандашын утуп, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал UFC уюмунун жеңил жана орто жеңил салмактагы дивизиондо чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0