Месси "Барселона" менен машыгууга чыкты. Видео

© REUTERS / HANDOUT"Барселона" клубунун футболчусу Лионель Месси машыгуу учурунда
Барселона клубунун футболчусу Лионель Месси машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда менен чогуу машыгууга киришүү үчүн спортчу жекшемби күнү коронавируска карата тест тапшырып, анысы таза чыккан.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. "Барселона" клубунун футболчусу Лионель Месси жалпы команда менен машыгууга келди. Бул тууралуу команда кечээ өзүнүн Twitter баракчасында маалымдап, футболчунун топ менен ойноп жаткан видеосун жарыялаган.

​Лионель Месси каталониялык клуб УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында германиялык "Бавария" клубунан ири эсепте утулуп, мелдештен четтегенден кийин командадан кетүүнү чечкен.

Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү

Кийинчерээк бул маалыматты клуб да тастыктаган. Аргентиналык футболчунун "Манчестер Сити" клубуна өтүү ниети бар экенин ЖМКлар жазса, чабуулчуга франциялык "Пари Сен-Жермен" жана италиялык "Ювентус" да кызыкдарлыгын билдирген.

Бирок клуб менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Мындан улам 4-сентябрда Месси келишим боюнча 2021-жылга чейин командада калып, "Барселона" үчүн ойной турганын билдирген.

Чабуулчу өткөн аптада машыгууга катышкан жок. Жалпы команда менен машыгууга киришүү үчүн жекшембиде спортчу коронавируска карата тест тапшырып, анысы таза чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0