БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кечээ Москвада машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедовдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир өттү.
Турнирди Fight Nights Global жана GFC уюмдары биргеликте уюштурган. Кеченин ардактуу коногу машыктыруучунун уулу, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов болду. Кармаш Ирина Винер-Усманованын көркөм гимнастика сарайында өткөн.
Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады
Мелдештин башкы беттешинде Владимир Минеев казакстандык Даурен Ермековду жеңип, чемпиондук курга ээ болгон. Таймашка ошондой эле Хабибдин тууганы Усман Нурмагомедов жана UFC мушкери Забит Магомедшариповдун иниси Хасан Магомедшарипов катышкан. Алар экөө тең жеңишин майрамдаган.
Кыргызстандын атынан турнирге Абдурасул уулу Нурсултан, Орозбек Имамали уулу жана Султан Жолдошбеков катышкан.
Жолдошбеков россиялык атаандашын биринчи эле раундда утту.
Нурсултан Абдурасул уулу каршылашына калыстардын чечими менен утулуп калды.
Орозбек Имамали уулу дагы жеңишти камсыздай алган жок.
Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда коронавирус илдети өтүшүп кетип, 58 жашында ооруканада каза болгон. Анын сөөгү Дагестандын Кизилюрт районундагы өзүнүн Кироваул айылына коюлган.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
Турнир Бишкек убактысы боюнча АКШнын Жексонвилл шаарында 25-апрелде эртең менен башталат. Анда дароо үч чемпион бел курун сактап калуу үчүн жан үрөйт.
Кеченин башкы беттешинде Хорхе Масвидаль мурда беттешкен Камару Усмандан наамын тартып алууга аракет жасайт. Мушкерлер октагондо былтыр июлда кезигип, Усман жеңишин майрамдаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Турнирдин дагы бир башкы беттешинде Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андраде менен кармашат. Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын коргоп калган.
Кеченин дагы бир маанилүү кармашында UFC уюмунун аялдар арасындагы эң аз салмак боюнча чемпиону Вэйли Чжан менен Роуз Намаюнас кез келет. Чжан акыркы беттешинде Шевченконун эзелки атаандашы Жоанна Енджейчикти утса, Намаюнас Шевченконун учурдагы каршылашы Андрадени жеңген.
UFC 261 турниринин өзгөчөлүгү — уюмдун мелдешине пандемиядан бери алгачкы жолу көрүүчүлөр кирет. Спорттук аренага 15 миң киши келет, билеттер сатыкка чыгары менен сатылып кеткен.
Болжолдуу карддын беттештери Бишкек убактысы боюнча 6:00дө башталып, 8:00дө бүтөт. Негизги карддын кармаштары 8:30-9:00дө, ал эми негизги беттештер 11:30да башталары болжолдонуп жатат.
UFC Fight Pass сервисинен уюмдун беттештерин түз эфирден көрсө болот. Кыргызстанда бул тиркемени айына 277 сом төлөп колдонушат.
Ошондой эле акы төлөп More.TV жана Wink платформаларынан көрө аласыздар.
Аралаш мушташтын күйөрмандарына Setanta Sports (кээде блоктолуп калат) телеканалы бекер беттеш көрсөтүүнү убадалоодо.
NewsMMA сайтында дагы түз эфирден беттеш көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 24-апрель, ишембиде республика боюнча жамгыр жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл жана Нарында +9...+14 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +18...+20, Ошто +20...+22 градусту көрсөтүп турат.