Жигиттер менен теңтайлашып. Япониялык футболчу кыз эркектер лигасында ойнойт

© AP Photo / Armando FrancaЯпониялык футболчу кыз Юки Нагасато (ортодо). Архив
Япониялык футболчу кыз Юки Нагасато (ортодо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШдагы кыз-келиндер футболундагы сезондук тыныгууга байланыштуу команда оюнчусуна эркектер лигасында ойноого уруксат берген.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Япониялык футболчу кыз Юки Нагасато келерки сезондон тарта эркектер менен футбол сүйүүчүлөр дивизионунда ойнойт. Бул тууралуу ESPN маалымат булагы жазды.

Футболчу Юки учурда АКШдагы кыз-келиндердин "Чикаго Ред Старз" клубунда ойнойт. Футболдук сезондогу тыныгуу убагында команда оюнчусуна эркектер лигасында ойноого уруксат берген.

"Юки Канагава лигасындагы Hayabusa Eleven командасынын намысын коргойт. Ал дүйнөлүк деңгээлде эркектер менен футбол ойногон алгачкы спортчу аял болмокчу. Анын мындай кадамы тарыхта калат", — деп айтылат маалыматта.

Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү

Белгилей кетсек, 33 жаштагы Юки Нагасато 2011-жылы Япониянын кыз-келиндер курама командасы менен дүйнө чемпионатында уткан. Улуттук команда менен 2015-жылы дүйнө чемпионатынын, 2012-жылы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесине татыган.

Юки 2004-жылы улуттук командага чакырылып, жалпысынан 132 оюн өткөргөн. Бул аралыкта ал 58 гол киргизе алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0