Хабиб — Жастин беттешинде ким жеңет? ММА мыктыларынын талдоосу

© AFP / Ethan Miller / Getty ImagesЧемпион UFC в легком весе Хабиб Нурмагомедов
Чемпион UFC в легком весе Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туптуура 40 күндөн кийин UFC мушкерлер дүйнөсүндөгү көптөн күткөн беттеш болгону турат. Анда россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи уюмдун жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн таймашат.

Нурмагомедов UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону болуп саналат. Анын атаандашы Гэтжи бул салмактын утурумдук чемпиону.

Беттеш Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралы" спорттук жайында 25-октябрга белгиленген.

UFC "Мушкерлер аралында" 5 мелдеш өткөрүп, бирине Хабиб Нурмагомедов чыгат

Эрежесиз эр уруш дүйнөсүндө кармаш кызыктуу болору жана кимдин күчтүү экенин алдын ала болжолдоо кыйын экени айтылып келет.

Жылдын беттеши деп бааланган Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжи кармашына карата Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү ММА адистеринин, мыкты мушкерлердин пикирин чогултуп, талдоо жүргүздү.

"Бүткүл дүйнөлүк Кулатуу" (WEF) федерациясынын вице-президенти, эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Токтогонов Хабиб Нурмагомедов жеңет деген болжолго көбүрөөк ыктайт. Кыргызстандык ММА адиси UFC мушкерлеринин мүмкүнчүлүгүн талдап да берди: 

© Фото / пресс-служба федерации WEF КР"Бүткүл дүйнөлүк Кулатуу" (WEF) федерациясынын президенти, эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Токтогонов
Хабиб — Жастин беттешинде ким жеңет? ММА мыктыларынын талдоосу - Sputnik Кыргызстан
"Бүткүл дүйнөлүк Кулатуу" (WEF) федерациясынын президенти, эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Токтогонов

— Бул аябай кызыктуу беттеш болот. Жастин Гэтжи мекендеши Тони Фергюсонду мөөнөтүнөн мурда нокаут менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовго татыктуу атаандаш экенин көрсөттү. Жастин кубаттуу соккуларды, атаандаштын кыймылына карата тездик менен реакция жасап, сокку уруп, аны таамай тийгизе алган деңгээлге жетиптир. Россиялык мушкер кармашты партер (килем үстүндө жатып кармашуу) абалына алып келбесе, туруп таймашта көп кыйынчылыктарга кабылат. Ошондуктан Хабиб партерге алып түшүүгө аракет кылат. Ошол эле маалда Жастиндин алгачкы эки раундда гана жеңүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Беттеш канчалык узакка созулган сайын анын шансы улам азая берет. Бир сөз менен айтканда, Гэтжи таамай соккусу менен Хабибди эстен тандырып гана утуп албаса, дагестандык мушкер аны жерге жаткырып алса оңдурбайт. Анткени Нурмагомедов акыркы 10 жылдан бери партерде эң мыкты мушкер экенин далидеп келет. Мен Хабиб жеңет деген болжол айтам.

Гэтжи: Нурмагомедовго каршы татыктуу беттеш көрсөтүүгө убада берем

Кармаш-уруш (Рукопашный бой) боюнча дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Азамат Эсеналиев Гэтжинин мектеп жашынан күрөшкө катышып, окуучу, студент кезинде мелдештерде чемпион болгонуна басым жасады. 

© Фото / Бакыт КадыровКармаш-уруш (Рукопашный бой) боюнча дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Азамат Эсеналиев
Хабиб — Жастин беттешинде ким жеңет? ММА мыктыларынын талдоосу - Sputnik Кыргызстан
Кармаш-уруш (Рукопашный бой) боюнча дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Азамат Эсеналиев

— Бул беттеште жеңүүчү упай айырмасы менен аныкталат, мөөнөтүнөн мурда жеңиш деген болбойт. Беттеш аягына чейин айыгышкан кармашта өтөт. Гэтжи акыркы беттешинде туруп мушташууда мыкты экенин көрсөттү. Андан бери алты ай өттү. Америкалык мушкер дагы да күчтөндү. Анын үстүнө күрөш спортунун өкүлү болгондуктан россиялыкка катуу каршылык көрсөтөт. Тони Фергюсон күрөштүн жиу-житсу түрүнүн чебери. Ал Гэтжи менен беттеште бул күрөштүн эч кандай ыкмасын колдоно алган жок. Анткени Жастин күрөшчү-мушкерлердин чабуулуна карата мыкты коргонууну өздөштүргөнү көрүндү. Бул Хабиб Нурмагомедовдун карьерасындагы эң оор беттеш болот.

Грэпплинг боюнча ардагерлер арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону Эрали Аскарбеков Хабиб — Жастин беттеши партердеги таймашсыз бүтпөйт деп эсептейт. 

© Sputnik / Дильноза АлымоваГрэпплинг боюнча ардагерлер арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону Эрали Аскарбеков
Хабиб — Жастин беттешинде ким жеңет? ММА мыктыларынын талдоосу - Sputnik Кыргызстан
Грэпплинг боюнча ардагерлер арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону Эрали Аскарбеков

— Бул беттеш партерсиз бүтпөйт. Хабибдин астында калган мушкерлер оңбойт. Ал жаткырып алгандан кийинки абалды өтө мыкты пайдаланат. Буту менен атаандаштын буттарын ороп, бир колу менен колдорун тушап, бет, ич жактарында ачык калган жерлерге сокку жаадырат. Дагестандык спортчу бул артыкчылыгын ошол эле Конор Макгрегор, ошол эле Жастин Порье сыктуу мыкты мушкерлер менен кармашта мыкты пайдаланды. Бул спортчулар да туруп таймашууда мыкты эле. Бирок Хабибге каршы чыкканда алар өзгөчөлүктөрүн көрсөтө алышкан эмес. Бул сапар деле ошондой көрүнүш кайталанат. Нурмагомедов Гэтжини утат.

Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек

"Ак аюу" деген каймана ат менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев UFC мушкери Жастин Гэтжинин сокку жагынан артыкчылыгы тууралуу айтып, кубаттуу сокку жакшы артыкчылык экенин, бирок аны туура пайдалануу да өзүнчө маселе экенин белгиледи. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак аюу" деген каймана ат менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев
Хабиб — Жастин беттешинде ким жеңет? ММА мыктыларынын талдоосу - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" деген каймана ат менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев

— Менин болжолумда, беттештин үчүнчү бөлүгүндө Хабиб муунтуу ыкмасы менен утат же тындырбаган сокку жаадырып, багынып берүүгө аргасыз кылат. Тик туруп таймашууда сокку ургандын артыкчылыгы бар. Бирок аны түз тийгизүүдө көп мүшкүл жатат. Сокку менен кошо сендеги энергия, күч кетет. Ошол эле маалда тик турганда тең салмактуулук бузулат. Атаандаштан коргонгон позицияң ачылып кетет. Кокус сокку максатына жетпей калса көз ирмемчелик убакытта кайра коргонуу абалына келип калуу зарыл. Кыскасы, соккуну пайдалануу да зор чеберчилик, ыкчамдыкты талап кылат. Ошондуктан Жастин Хабибди кубаттуу соккусу менен жеңип алышы мүмкүн дегенге мен кошула албайм. Нурмагомедов беттешти экинчи, үчүнчү раундга созуп, Гэтжини чарчатып туруп утуп алат. Россиялык мушкердин мурдагы беттештеринен улам айтып жатам. Маселен, Эдсон Барбоза, Конор Макгрегор, Дастин Порье булардын баары сокку уруучу мыкты мушкерлер деп саналып келген. Алар азыр Хабибдин жеңиш тизмесинде турушат. 

UFC: россиялык мушкер Петр Ян Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео

Гэтжи балбан болгону менен беттештеринде көп күрөшө бербеген мушкер. Муну ал атаандаш менен алышканда тез эле алы кетип, чаалыгып калары менен түшүндүргөн жери бар. Дал ушул жагдай Хабибдин пайдасы үчүн зор роль ойношу мүмкүн деп айтылганга кыргызстандык мушкер Канат (Тайсон) Келдибеков да кошулат. Кыргыз Тайсону жекеме-жеке мушташууда техника жана тактикалык мыкты даярдык менен кошо чыдамкайлык болушу зарыл деп эсептейт. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандык мушкер Канат (Тайсон) Келдибеков
Хабиб — Жастин беттешинде ким жеңет? ММА мыктыларынын талдоосу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер Канат (Тайсон) Келдибеков

— Хабиб Нурмагомедов утат деп ойлойм. Анын чыдамкайлыгы, узак мушташка туруштук берген күчү бул беттеште башкы ролду ойнойт. Мен Гэтжинин кээ бир беттештериндеги чарчап калган учурларын көргөм. Маселен, Эдди Альварес менен беттешинин аяк жагында алы кетип, баса да албай калган. Эми андан бери көп убакыт өтүп, албетте күчтөндү. Бирок канчалык күчтөнгөн чакта деле Хабибдин деңгээлине чыга албайт. Адам алы кеткен сайын кыймылы, соккусу да жай болуп калат. Ал эми партерде беттештин тизгинин колго алып алсаң, анда чабуул коюп, эс алып, кайра улантып беттеш жүргүзгөнгө болот. Бул жагынан алганда Хабибде артыкчылык көп.

Кыргызстандык эки мушкер беделдүү делген ACA уюмунун рейтингине кирди

Келдибеков Жастин Гэтжинин Тони Фергюсон менен болгон кармашында акырына чейин табында болгонун да түшүндүрүп берди:

"Гэтжи Фергюсондун алсыз жагын тыкыр өздөштүргөн экен. Беттешти баштан-аяк карап талдай турган болсок, Гэтжи көбүнчө экинчи номерде иштеп, каршы чабуулда таймаш жүргүзүү тактикасын колдонуп, аны өтө чеберчиликте ишке ашырды. Таамай соккуларды узатып, ал максатына тийип жатты. Бирок Хабиб менен беттеш башкача болот. Россиялык мушкердин беттеш алып баруу ыкмасы, кыймылы, бекем позициясы, аны улам алмаштырган чеберчилиги, муш менен чабышкан жерде чабышып, ошол эле учурда тейк даунга өткөрүүдөгү шамдагайлыгы АШКлык мушкердин айласын алты кетирет", — деди Келдибеков.

Жастин Гэтжи ушул жылдын 9-майында мекендеши Тони Фергюсонду уткандан кийин россиялык мушкерге башкы атаандаш болгон. ММА спортунда Гэтжи 24 беттеш өткөрүп, анын 22син утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Ал эми анын атаандашы Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон. Акыркы ирет россиялык мушкер 2019-жылдын 8-сентябрында америкалык Дастин Порье менен октагонго чыгып, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC мелдешиндеги жеңилбес эсебин 28ге жеткирген.

Ал учурда дүйнөдөгү эң абройлуу мушкерлер уюмунун жеңил салмактагы чемпиону болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0