Көк бөрү: президенттин кубогу үчүн мелдеш ноябрда өтмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү улуттук ат ойуну. Архив
Көк бөрү улуттук ат ойуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим 15-сентябрда өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясында өткөн онлайн-кеңешмеде кабыл алынды.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып жыл сайын өтүүчү улуттук көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш 3-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу Улуттук көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков Sputnik агенттигине тастыктады.

Турнир Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.

Буга чейин федерацияда онлайн-жыйын өтүп, анда мелдешти ноябрь айында өткөрүү боюнча сунуш каралган.

Токиодо Олимпиада 2021-жылы коронавируска карабай өтө турганы айтылды

"Биз мелдешти өткөрүү боюнча Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына сунуштаганбыз. Мамагенттик, президенттик аппарат жана биздин федерация биргеликте ушул күнгө токтолдук", — деди Кубат Аскарбеков.

Катышуучу командаларды каттоо 20-октябрга чейин жүрөт. 2-ноябрда чүчү кулак тартылып, эртеси күнү мелдеш башталат.

Аталган мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу адегенде октябрь айына жылдыруу чечими кабыл алынган болчу.

Өткөн жылы Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандагы мелдеште "Достук" (Ош) менен "Ынтымак" (Талас) командалары финалга чыгып, 3:2 эсебинде Оштун командасы жеңишти илип кеткен.

Үчүнчү байгелүү орунду Чүйдүн "Сары-Өзөнү" ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0