Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео

© REUTERS / LINDSEY PARNABY"Брайтон" клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады
Брайтон клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олдоксон кыймылы үчүн футболчу кызыл айып кагазы менен жазаланып, беттештен четтетилген. Мындай чечимди кабыл алуунун алдында калыс видеону кайталап көргөн.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Брайтон" клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады. Футболчулардын бири-бирин тээп алган учурун The Sun жазган.

​Бул окуя Англия премьер-лигасынын экинчи турунда "Брайтон" жана "Ньюкасл" клубдарынын беттешинде болгон. Футболчулар асманга көкөлөгөн топту талашкан. Бийиктеги топту Льюис кайкалаган абалда тээп салууга аракет жасайт. Ал учурда анын буту топту башы менен сүзгөнү жаткан Биссуманын бетине тийген.

​Атаандашын жыга тепкен окуя жакында эле Франциянын кыз-келиндер футболунда катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0