УЕФАнын суперкубогун "Бавария" жеңди. Тагдыр чечкен кошумча гол

© AP Photo / Bernadett SzaboУЕФАнын суперкубогун жеңген "Бавария" футбол клубунун оюнчулары
УЕФАнын суперкубогун жеңген Бавария футбол клубунун оюнчулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ференц Пушкаш" стадионунда болгон оюнга көрүүчүлөр мурдагыдай эле келген. Беттеш алдында 15,5 миң билет сатылганы жарыяланган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Германиянын "Бавария" клубу кошумча берилген убакытта киргизген голу менен испаниялык "Севилия" клубун утуп, УЕФАнын cуперкубогун жеңип алды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында айтылат.

Будапешт шаарында өткөн беттеш 2:1 эсебинде Чемпиондор лигасынын жеңүүчүлөрүнүн пайдасына аяктаган. 13-мүнөттө испандыктардан Лукас Окампос 11 метрлик айып тобунан гол киргизип эсепти ачты. "Бавария" клубунан Леон Горецки (34-мүнөт) жана кошумча берилген бөлүктө (104-мүнөт) Хави Мартинес гол киргизген. Бул гол беттештин жана УЕФАнын cуперкубогун жеңүүчү гол болуп калды.

ПСЖдан келген футболчу франциялыктарга гол киргизип, "Баварияны" чемпион кылды. Видео

67 миң орунга ылайыкташкан "Ференц Пушкаш" стадионунда болгон беттеш көрүүчүлөр менен өткөн. УЕФА буга чейин 30 пайыз күйөрман кирүүгө уруксат берген. Беттеш алдында 15,5 миң билет сатылганы жарыяланган.

Бавариялыктардын жарым коргоочусу Томас Мюллер таймаштын мыкты футболчусу деп табылды.

"Бавария" муну менен өз тарыхында экинчи ирет УЕФАнын cуперкубок мелдешин жеңип алды. Буга чейин немецтик клуб бул олжону 2013-жылы алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0