Эркектик сөздөн тайды! UFC президенти Дана Уайт Конор Макгрегорго нааразы болду

© AFP / Mike LawrieUFC президенти Дана Уайт. Архив
UFC президенти Дана Уайт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин спортчу интернетке уюмдун жетекчиси менен Instagram (Direct) аркылуу жазышкан каттарын жарыялап салган. Анда Макгрегордун UFC ардагери Диего Санчес, Жастин Гэтжи жана Тони Фергюсон божомолдонгон беттештери тууралуу сөз болгон.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт ирландиялык мушкер Конор Макгрегор экөөнүн интернет аркылуу жазышкандарын өзүнүн социалдык баракчасына жарыялап салгандыгы үчүн сынга алды.

Буга чейин спортчу интернетке уюмдун жетекчиси менен Instagram (Direct) аркылуу жазышкан каттарын жарыялап салган. Анда Макгрегордун UFC ардагери Диего Санчес, Жастин Гэтжи жана Тони Фергюсон менен божомолдонгон беттештери тууралуу сөз болгон.

​Уайт өз сөзүндө Макгрегорду “эркектик сөздөн” тайды деп сынга алды.

"Атургай аялдар дагы берилген сөздү сактоо керек деген сыяктуу жазылбаган мыйзамдар бар экенин билет. Макгрегор андай мамиле кылбаш керек эле, бул абдан ыплас болуп калды”, — деди ал UFC 253 мелдешинен кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатып.

Ал экөөнүн сөзүндө Макгрегор менен Санчестин божомолдонгон беттеши тууралуу кеп болгонун тастыктады.

Ал эми Конор Макгрегор жакында эле Мэнни Пакьяо менен боксердук беттешүүгө чыгарын жар салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0