Хабиб Нурмагомедов эң кымбат спортчулардын ондугунан орун алды

© REUTERS / Christopher PikeUFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар таасири, ийгилиги, эл оозуна алынганы, резонанстуу окуялары жана кирешеси сыяктуу критерийлер боюнча бааланган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов дүйнөдөгү эң баалуу спортчулардын тизмесинде жетинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Nielsen компаниясы жарыялаган маалыматка таянып, РИА Новости жазды.

Спортчулар таасири, ийгилиги, эл оозуна алынганы, резонанстуу окуялары жана тапкан кирешеси сыяктуу критерийлер боюнча бааланган. Нурмагомедов карьерасында 28 беттешке чыгып, баарын жеңген жетишкендиги менен бул тизмеде жалгыз россиялык өкүл болуп калды.

Рейтинг боюнча тизменин сап башына 115 упай менен "Барселона" футбол клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси чыкты. Экинчи орунду 113 упай менен "Ювентус" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду ээледи. "Лос-Анджелес Лейкерс" баскетбол командасынын оюнчусу, америкалык Леброн Джеймс 110 упай менен үчүнчү сапка илешти.

UFC уюмунан эң көп акча тапкан мушкерлер. Киреше рейтинги

Алдыңкы ондуктагы калган спортчулар төмөнкүдөй жайгашкан:

4. Вират Кохли (Индия, крикет, 109 упай);

5. Бьянка Андрееску (Канада, теннис, 107 упай);

6. Неймар (Бразилия, футбол, 107 упай);

7. Хабиб Нурмагомедов (Россия, ММА, 106 упай);

8. Рохит Шарма (Индия, крикет, 103 упай);

9. Мохамед Салах (Египет, футбол, 103 упай);

Пауло Дибала (Аргентина, футбол, 100 упай).

Жаңылыктар түрмөгү
0