"Дордой" футбол клубу мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду

© Фото / пресс-служба ФК "Дордой""Дордой" футбол клубунун оюнчулары
Дордой футбол клубунун оюнчулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" клубу футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2020-жылдагы чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирди.

"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери бүгүн, 1-октябрда, мелдештик жарышта экинчи сапта келе жаткан Бишкектин "Алга" клубун утуп алды.

Бишкекте тынчтыкты даңазалаган футбол майрамы өттү. Сүрөттөр

Беттеш Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өтүп, талаа ээси катары ойногон "Алганы" "Дордой" 1:5 эсебинде утту.

Муну менен "Дордой" үчүнчү ирет удаасы менен, ал эми тарыхында 12-ирет чемпион болду.

Кыргызстандын чемпиону быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу борборлоштурулган форматта Кант шаарында күйөрмансыз өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0