Алматынын Кайрат футбол клубунун кыргызстандык чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов. Архив

Футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстанда дебюттук голун киргизди. Видео

191
(жаңыланган 08:49 05.10.2020)
Кыргызстандын мыкты футболчусу биринчи бөлүктө гол киргизип, командасынын үчүнчү голуна жардам берди.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Алматынын "Кайрат" футбол клубунун кыргызстандык чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстан премьер-лигасындагы алгачкы голун киргизди. Бул тууралуу аталган клуб өзүнүн Facebook баракчасына жазып, голдордун видеосун жарыялады.

Чемпионаттын алтынчы турдагы кийинкиге калтырган беттешинде "Кайрат" өз талаасында "Астана" клубун кабыл алып, 3:0 эсебинде уткан. Биринчи голду 24-мүнөттө Кыргызстандын мыкты футболчусу Гүлжигит Алыкулов киргизди. Беттештин экинчи бөлүгүндө кайраттыктардан Айбол Абикен экинчи голду киргизсе, үчүнчү гол Алыкуловдун тепкен тобу атаандаштын коргоочусунун бутуна тийип гол болду.

Бул оюндун жыйынтыгы менен "Кайрат" 29 упай топтоп, экинчи сапта келе жаткан "Астанадан" сегиз упай алдыга озду.

"Дордой" клубунун тарбиялануучусу Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында Беларустун "Неман" клубунан эки жылдык келишим менен Казакстандын "Кайрат" клубуна өткөн. 2019-жылы ал "Кыргызстандын мыкты футболчусу" деп табылган.

191
Белгилер:
Казакстан, гол, футбол, Гүлжигит Алыкулов
Тема боюнча
Гүлжигит Алыкулов УЕФА мелдешиндеги дебюттук оюнунда гол киргизди. Видео
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

273
(жаңыланган 13:34 25.10.2020)
Эки жыл мурда ирландиялык мушкер россиялык Нурмагомедовго утулуп калган. Макгрегор ага көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC 254 турниринин алкагындагы Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин кармашын мыкты деп атады.

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

​"Мыкты кармаш. Мен сенин ишиңди улантам. Дагы бир ирет атаңа сый-урматымды билдирип, жакындарыңа жана сага көңүл айтам", — деп жазган Макгрегор Twitter баракчасына.

Нурмагомедов октагонго чыгарына үч жума калганда бутун сындырып алган

Эске салсак, 2018-жылы ирландиялык мушкер Нурмагомедовго утулуп калган. Анда дагы россиялык спортчу муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошондон бери Макгрегор ага социалдык тармактан көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

Хабиб бел курун сактап калгандан кийин бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Бул убаданы апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

273
Белгилер:
беттешүү, Конор Макгрегор, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты
Хабиб Нурмагомедов менен Джастин Гаджи UFCнин жеңил салмактагы чемпион титулу үчүн беттешүүдө

Нурмагомедов октагонго чыгарына үч жума калганда бутун сындырып алган

145
(жаңыланган 11:55 25.10.2020)
Хабибдин командасынан билдиришкендей, турнирге аз убакыт калганда спортчунун эки манжасы менен таманындагы бир сөөгү сынган. 

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун башчысы Дана Уайт россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов америкалык атаандашы Жастин Гэтжи менен кармашарга үч жума калганда бутун сындырып алып ооруканага кайрылганын билдирди. Бул тууралуу Р-спорт жазды.

"Нурмагомедов кармашка үч жума калганда бутун сындырып алып, ооруканага түшүптүр. Анын эки манжасы менен таманындагы бир сөөгү сынган. Муну мага мушкердин командасынан айтышты", — деген Уайт журналисттерге.

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

Жекшембиге караган түнү Абу-Дабидеги Яс аралында UFC 254 турнири өтүп, Нурмагомедов Гэтжини үч бурчтук ыкмасы менен жеңип, чемпиондук наамын сактап калды. Беттештен кийин Хабиб спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирди.

145
Белгилер:
беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты
Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео
Автоунаа жол кырсыктан кийин. Архив

Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 15:56 25.10.2020)
Кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ош облусунда оор жүк ташуучу унаа менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа кагышты.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram каналына жарыяланды.

Анда көрүнүп тургандай, жүк ташуучу унааны катуу сүзгөн портер талкаланып калган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, кырсык 23-октябрь күнү саат 11:00дөр чамасында Ош — Араван унаа жолунун 11-чакырымында болгон.

"Араван районунун 29 жаштагы тургуну Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа менен Ош шаарын көздөй келе жаткан. Ал эми Renault үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 45 жаштагы айдоочусу Араванды карай бараткан. Эки машина жолдун 11-чакырымына келгенде кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген", — деди Теңизбаев.

Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө органдары тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалды.

0
Белгилер:
жаракат, айдоочу, жол кырсык, Араван району, Ош
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу колго түштү