Россиялык мушкер, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Хабиб Нурмагомедов: UFC уюмун берсе да Конор менен шоуга катышпайм

248
Мушкерлерди The Ultimate Fighter деп аталган реалитиге катыштыруу пландалган. Анда Нурмагомедов менен Макгрегор өз командаларын жетектеп, экөө финалдык таймашта жолукмак.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россиялык мушкер, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурдагы атаандашы Конор Макгрегор менен бирге реалити шоуга катышары тууралуу айтылгандарга жооп берди. Бул тууралуу ESPN маалымат булагына таянып Еurosport жазды.

​Буга чейин UFC президенти Дана Уайт Хабиб долбоорго катышууга макулдук бергенин, бирок Конордун да катыша турганын билген соң кайра баш тартканын Twitter баракчасына жазган.

Мушкерлерди The Ultimate Fighter деп аталган реалитиге катыштыруу пландалган.

Анда Нурмагомедов менен Макгрегор өз командаларын жетектеп, экөө финалдык таймашта жолукмак.

"Бул долбоордо Конорго көп көңүл бурулуп калат. Мен мындайды каалабайм. Мен эч качан буга макул болбойм, мага беш миллиард доллар акча сунушталса да баш тартам. UFC уюмун мага менчикке беришсе да мен Конор менен бирге болчу долбоорго катышууга макулдук бербейм. 2018-жылы 6-октябрда мен аны утуп, баарына чекит койгом. Менин алдымда азыр жаңы атаандаштар турат, Дастин Порье, Жастин Гэтжи бар. Дагы ким болот билбейм, бирок ал Конор Макгрегор эмес деп ойлойм", — деген Хабиб Нурмагомедов ESPN басылмасына берген маегинде.

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор 2018-жылдын 6-октябрында UFC 229 мелдешинде беттешкен. 4-раундда россиялык мушкер ирландиялыкты багынып берүүгө аргасыз кылып, чемпиондук курун коргогон.

Беттешке чейинки жолугушууларда Конор Хабибге жана анын үй-бүлөсүнө, динине карата орой шылдыңдоолорду айткан.

248
Белгилер:
UFC, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
Эркектик сөздөн тайды! UFC президенти Дана Уайт Конор Макгрегорго нааразы болду
Джастин Гэтжи менен Хабиб Нурмагомедов беттешүү учурунда

Хабиб мыкты беттеш тартуулаганы үчүн кошумча 50 миң доллар алат

164
(жаңыланган 18:24 25.10.2020)
Бишкек убактысы менен 25-октябрга караган түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовго мыкты беттеш тартуулаганы үчүн гонорарынан сырткары бонус берет. Бул тууралуу Дана Уайт маалымат жыйынында айтканын "Известия" жазды. 

Нурмагомедов беттешкени үчүн канча сый акы алары белгисиз. Ал эми бонустун суммасы 50 миң долларды түзөт.

Хабибден тышкары ушунча акчаны молдовалык Ион Куцелабаны нокаутка кетирген россиялык Магомед Анкалаев дагы алмакчы.

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды. Хабиб бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Мындай убадасын апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

164
Белгилер:
сый акы, бонус, беттешүү, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

511
(жаңыланган 13:34 25.10.2020)
Эки жыл мурда ирландиялык мушкер россиялык Нурмагомедовго утулуп калган. Макгрегор ага көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC 254 турниринин алкагындагы Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин кармашын мыкты деп атады.

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

​"Мыкты кармаш. Мен сенин ишиңди улантам. Дагы бир ирет атаңа сый-урматымды билдирип, жакындарыңа жана сага көңүл айтам", — деп жазган Макгрегор Twitter баракчасына.

Нурмагомедов октагонго чыгарына үч жума калганда бутун сындырып алган

Эске салсак, 2018-жылы ирландиялык мушкер Нурмагомедовго утулуп калган. Анда дагы россиялык спортчу муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошондон бери Макгрегор ага социалдык тармактан көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

Хабиб бел курун сактап калгандан кийин бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Бул убаданы апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

511
Белгилер:
беттешүү, Конор Макгрегор, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

96
(жаңыланган 19:42 25.10.2020)
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап айткандарга баш ийбей, кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

96
Белгилер:
ок атуу, Жаңжал, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты