UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архивдик сүрөт

Ооруга карабай... Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашына эл келиши мүмкүн

197
(жаңыланган 10:45 18.10.2020)
Коронавирус пандемиясына байланыштуу массалык иш-чараларга тыюу салынгандыктан, UFC уюмунун беттештери көрүүчүлөрү жок өтүп жаткан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жетекчилиги россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи катышкан турнирге көрүүчүлөрдү киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу "Известия" спорт журналисти Бретт Окамотого шилтеме берип жазды.

"Абу-Дабинин Маданият жана туризм департаменти эмки жумада боло турчу UFC 254 турнирине азыраак санда кишини киргизүү сунушун жактырды", — деп жазган журналист Twitter баракчасында.

Хабиб Нурмагомедов: UFC уюмун берсе да Конор менен шоуга катышпайм

Анын айтымында, шаар бийлиги иш-чарага күйөрмандарды киргизүүнүн жол-жобосу боюнча иштеп жатат.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында Гэтжи менен күч сынашат. Анда россиялык мушкер наамын үчүнчү ирет коргомокчу.

197
Белгилер:
көрүүчү, турнир, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб Нурмагомедов эң кымбат спортчулардын ондугунан орун алды
Хабиб — Жастин беттешинде ким жеңет? ММА мыктыларынын талдоосу
UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архив

UFC: Хабиб Нурмагомедов мыктылардын мыктысы болуп алдыңкы сапка чыкты

103
(жаңыланган 10:36 28.10.2020)
Көп убакытка чейин бул рейтингди америкалык Жон Жонс ээлеп келген. Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп, 29 беттештен кийин 29:0 көрсөткүчүн камсыздагандан кийин Жонстон ашып өттү.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун мыкты мушкерлер рейтингинде (салмак даражасына карабастан) эң алдыңкы сапка чыкты. Бул тууралуу "Евроспорт" басылмасы жазды.

25-октябрда Нурмагомедов атаандашы Жастин Гэтжини экинчи раундда утуп, UFC чемпиону наамын үчүнчү ирет коргоп калды. Беттештен кийин россиялык мушкер спорттон кетерин жар салган. Ал ММА мушкерлер мелдешинде жалпысынан 29 беттеш өткөрүп, баарын жеңген спопртчу болуп калды.

Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп алды. Видео

"Нурмагомедов Гэтжи менен болгон кармашы карьерасында акыркы беттеши экенин айтты. Анын башкы ниеттеринин бири аталган промоушенде салмагына карабай рейтингде биринчи орунга чыгуу болгон. UFC уюмунун президенти Дана Уайт иш-чарадан кийинки маалымат жыйында Хабиб бул орунга татыктуу экенин белгилеп, жаңыланган топ-рейтингде аны тизменин эң башына чыгарган", — деп жазды "Евроспорт".

Эске сала кетсек, бул орунду көп жыл бою промоушендин жарым оор салмактагы чемпиону америкалык Жон Жонс ээлеп келген.

Нурмагомедов өзүнүн Instagram баракчасына рейтингдин фонунда турган сүрөтүн коюп, биринчи орунга көтөрүлгөнүнө пикирин билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

"Бул менин бүтүндөй жашоомдогу талыкпас аракетим болду. Мындай ийгиликке жетүү мен үчүн оңойго турган жок. Күжүрмөн эмгек, Жараткандан үмүт кылуу жана сабырдуулук — мына ушул үч сапат бийиктикке чыгуума зор жардам берди. Мындан сырткары, атамдын ар дайымкы көзөмөлү жана кеңеши алга сүрөдү, мен үчүн ал көп аракетин жана убактысын сарптаган", — деген ал.

Маалымат каражаттарында жазылгандай, Хабиб Нурмагомедов бул рейтингде биринчи жолу алдыңкы сапка чыккан.

103
Белгилер:
рейтинг, UFC, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
Хабиб мыкты беттеш тартуулаганы үчүн кошумча 50 миң доллар алат
Миллиондор... Хабиб Гэтжини жеңгени үчүн канча акча алганы айтылды
Көк бөрү спортунун чебери Манас Ниязов. Архив

Көк бөрү: Манас Ниязов “Достуктан” кетип, башка командага кошулду

1234
(жаңыланган 17:39 26.10.2020)
Көкбөрүчү өзү бул маалыматты тастыктай элек, бирок буга чейин башка командага өтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Sputnik агенттигине билдирген болчу.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Көк бөрү спортунун чебери Манас Ниязов жаңы келишим менен Кыргызстандын биринчи лигасындагы “Ала-Тоо” командасына өттү. Бул маалыматты өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Спортчу 3-ноябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган “Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу — 2020” мелдешине “Ала-Тоо” командасынын курамындагы оюнчу катары кирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Манас Ниязов (@niyazov_manas)

Федерациянын башкы катчысы “Достуктун” капитаны Таши Майлибашев да “Ала-Тоо” командасына өткөнүн кошумчалады.

Ноябрда Чолпон-Атада президенттин кубогу үчүн көк бөрү оюну өтөт. Программасы

Команда менен Манас Ниязовдун ортосундагы келишимдин мөөнөтү, төлөнүүчү каражат тууралуу маалыматтар азырынча айтыла элек.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Манас Ниязов (@manas.niyazov.fan.club)

Көкбөрүчү өзү бул маалыматты тастыктай элек, бирок буга чейин башка командага өтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан болчу.

Манас Ниязов көп жыл бою Оштун “Достук” командасында ойноп, бир нече жолу Президенттин кубогу мелдешин уткан.

1234
Белгилер:
Көк бөрү, Манас Ниязов
Тема боюнча
Көк бөрү: президенттин кубогу үчүн мелдеш ноябрда өтмөй болду
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

0
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү