UFC: Хабиб көз караштар таймашында жеңилип калды. Тамашалуу ролик

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРабочая поездка президента РФ В. Путина в Дагестан
Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Дагестан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпион биринчи жолкусунда күлүп жиберип, жеңилгенин мойнуна албай, кайра таймашып да ута алган эмес.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов досу Зубайра Тухуговго көз караштар таймашында жеңилип калды. Бул таймаштын видеосун машыктыруучу Хавьер Мендес өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Эрежеге ылайык, тиктешүү учурунда кандайдыр бир башка кыймыл-аракетке жол берилбейт.

Видеодон көрүнүп тургандай, Хабиб биринчи жолу күлүп жиберип, жеңилгенин мойнуна албай, кайра таймашып да ута алган эмес.

UFC беттеши: бет капчан Физиев менен Диакезинин көз караштар таймашынын видеосу

Россиялык мушкер акыркы жолу 2019-жылдын сентябрында америкалык Дастин Порье менен октагонго чыккан. Аны экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, экинчи ирет чемпиондук наамын коргогон.

24-октябрда Хабиб Нурмагомедов үчүнчү жолу чемпиондук курун коргоо үчүн америкалык Жастин Гэтжи менен беттешке чыгат.

Учурда россиялык мушкер 28 беттеш өткөрүп, баарын жеңген. Ал эми анын атаандашы 24 таймашта утуп, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0