Нурмагомедов менен Гэтжинин маалымат жыйын өткөрчү күнү айтылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАбсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) коомчулук менен байланыш кызматы россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив
Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) коомчулук менен байланыш кызматы россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" спорт жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттешинде кездешет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) коомчулук менен байланыш кызматы россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун америкалык спортчу Жастин Гэтжи менен болуучу титулдук беттешинин алдындагы маалымат жыйындын күнүн атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Спортчулар 24-октябрда Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралы" спорт жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттешинде кездешет.

Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Маалым болгондой, мушкерлер менен суроо-жооп жыйыны 21-октябрда, шаршемби күнгө, белгиленген. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат. Ал UFC уюмуна караштуу бардык маалымат ресурстарда түз эфирде акысыз көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0