Валентина Шевченко КМШдагы сулуу жана мыкты мушкер аял деп табылды. Сүрөт

© Фото / Анастасия МарченкоТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"ТурСтат" порталы ММА спортунда Россия жана КМШ өлкөлөрүнөн салмак даражасына карабай 2020-жылдын эң мыкты аял-мушкерлердин рейтингин түзүшкөн.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко эрежесиз уруш (ММА) спорту боюнча КМШ өлкөлөрүндөгү эң сулуу, эң мыкты мушкер деп табылды. Бул тууралуу россиялык "ТурСтат" порталы жазды.

Аталган портал Россия жана КМШ өлкөлөрүнөн ММА спортунда салмак даражасына карабай кыз-келиндердин арасындагы мыкты мушкерлердин рейтингин түзгөн. Жүргүзүлгөн онлайн-сурамжылоодо кыргызстандык спортчу озуп чыккан.

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Акыркы жылдары ММА спорту менен машыккан айымдардын саны кескин өсүүдө. Бул оюнга күйөрмандар арасында да кызыгуулар арбып барат.
Аял мушкерлер тизмесинде алдыңкы ондук төмөнкүчө аныкталды:

1. Валентина Шевченко (Кыргызстан);

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Валентину Шевченкону мыкты мушкер деп санагандар 25 пайызды түзгөн.

2. Лиана Джоджуа (Грузия);

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Liana Jojua (@likajojua)

Грузиялык мушкер Лианага добуш бергендер 18 пайыз болгон.

3. Анастасия Янькова (Россия);

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от anastasia_yankova 🐲🐉 (@anastasia_yankova)

Анастасия Янькова бул жарышта 13 пайыз добуш менен үчүнчү сапка жайгашты.

4. Мария Агапова (Казакстан);

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mariya Agapova (@mma.mashka)

Мария Агаповага добуш бергендер 9 пайыз болгон.

5. Яна Куницкая (Россия);

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Yana “Foxy” Kunitskaya (@yanamma)

Яна Куницкаяны колдогондор 8 пайызды түздү.

6. Александра Албу (Молдова);

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Alexandra Albu (@stitchalbu)

Александра Албу 7 пайыз чогултуп, алтынчы орунга жайгашты.

7. Антонина Шевченко (Кыргызстан);

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Antonina La Pantera Shevchenko (@antoninapantera)

Кыргызстандык дагы бир аял-мушкер Антонина Шевченко жетинчи сапта калды. Ал 6 пайыз добуш топтогон.

8. Лилия Казак (Беларусь);

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Лилия Казак (@liliya_she_wolf_kazak)

Беларустук Лилия 6 пайыз добуш менен 8-сапка жайгашты.

9. Лилия Шакирова (Өзбекстан);

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Liliya Shakirova (@officialshakirova)

Өзбекстан Лилия болсо беларустук адашынан бир тепкич артта калды. 4 пайыз.

10. Ирина Алексеева (Россия).

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Алексеева Ирина (@slava_alex_mma)

Россиялык спортчу 3 пайыз добуш чогултуп, алдыңкы ондукка кирди.

Бул жарышта биринчи орунду ээлеген кыргызстандык Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону наамын жеңип алган. Кийин бул чемпиондук курду удаасы менен үч ирет ийгиликтүү коргогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0