Ноябрда Чолпон-Атада президенттин кубогу үчүн көк бөрү оюну өтөт. Программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу жылган болчу.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ушул жылдын 3-ноябрынан 8-ноябрына чейин Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, сыйлыктар жогорку жана I лиганын командаларынын арасында ойнотулат.

Жылда өтүп жүргөн көк бөрү боюнча президенттин кубогунун алкагында ат чабыш, эр эңиш жана салбурун боюнча мелдештер пландалган.

Программасы:

  • 3-7-ноябрь — көк бөрү боюнча турнирдин алдын ала беттештери;
  • 7-ноябрь — көк бөрү боюнча 3-орун үчүн кармаштар жана эр эңиш, салбурун боюнча мелдештер;
  • 8-ноябрь — көк бөрү боюнча финалдык мелдештер, эр эңиш, салбурун, ат чабыш боюнча мелдештер.

Аталган мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу адегенде октябрь айына жылдыруу чечими кабыл алынган болчу.

"Келатыр, сай күлүк"! Жамбылда кыргыз күлүгү лимузин утту. Видео

Өткөн жылы Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандагы мелдеште "Достук" (Ош) менен "Ынтымак" (Талас) командалары финалга чыгып, 3:2 эсебинде Оштун командасы жеңишти илип кеткен.

Үчүнчү байгелүү орунду Чүйдүн "Сары-Өзөнү" ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0