Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп алды. Видео

© AP Photo / Mahmoud KhaledТурнир UFC 242 в Абу-Даби. Хабиб Нурмагомедов против Дастина Порье
Турнир UFC 242 в Абу-Даби. Хабиб Нурмагомедов против Дастина Порье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул беттеш Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында өткөн UFC 254 мелдешинин башкы кармашы болду.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Көпчүлүк чыдамсыздык менен күткөн Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин чемпиондук наам үчүн беттеши өтүп, россиялык мушкер экинчи раундда жеңишке жетти. 

Муну менен Нурмагомедов 29-ирет октагонго чыгып, 29-жеңишин камсыздады.

Хабиб атаандашына үч бурчтук ыкмасын колдонгон. Гэтжинин эси оогондон кийин рефери беттешти токтотту.​

Мелдеш аяктагандан кийин Хабиб көпкө чейин көз жашын тыя алган жок. Эскерте кетсек, мушкер насаатчы, машыктыруучу болгон атасы Абдулманап Нурмагомедовдон жайында айрылып калган.

Бул беттеш 24-октябрга караган түндө Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында өткөн UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0