Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео

© AFP / Harry How / Getty ImagesБоец UFC из России Хабиб Нурмагомедов
Боец UFC из России Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хабибдин атасы жана башкы машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов жайында өпкөсү жабыркап каза болгон.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Хабиб Нурмагомедов бүгүн UFC 254 мелдешинде Жастин Гэтжини үч бурчтук ыкмасы менен утуп алгандан кийин октагондо атасын жоктоп ыйлады. Бул боюнча видеону UFC уюму Twitter баракчасына койду.

​Атаандашы Гэтжи келип кайрат айткан сөздөрү да аны жооткото алган жок.

​Россиялык мушкер америкалык Гэтжи менен болгон беттеши акыркы экенин айтып, карьерасын жыйынтыктаганын жар салды.

​Хабиб ММА мелдешинде 29 жолу, анын ичинде UFC уюмунда 13 беттешке чыгып баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.

Хабибдин атасы жана башкы машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов жайында өпкөсү жабыркап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0