Хабиб мыкты беттеш тартуулаганы үчүн кошумча 50 миң доллар алат

© Фото / Getty Images/UFC / Медиабанкка өтүүДжастин Гэтжи менен Хабиб Нурмагомедов беттешүү учурунда
Джастин Гэтжи менен Хабиб Нурмагомедов беттешүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек убактысы менен 25-октябрга караган түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовго мыкты беттеш тартуулаганы үчүн гонорарынан сырткары бонус берет. Бул тууралуу Дана Уайт маалымат жыйынында айтканын "Известия" жазды. 

Нурмагомедов беттешкени үчүн канча сый акы алары белгисиз. Ал эми бонустун суммасы 50 миң долларды түзөт.

Хабибден тышкары ушунча акчаны молдовалык Ион Куцелабаны нокаутка кетирген россиялык Магомед Анкалаев дагы алмакчы.

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды. Хабиб бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Мындай убадасын апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0