Миллиондор... Хабиб Гэтжини жеңгени үчүн канча акча алганы айтылды

© Фото / Getty Images/UFC / Медиабанкка өтүүХабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин беттеши
Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин беттеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча, Жастин Гэтжиге россиялык спортчу менен беттешкени үчүн 440 миң доллар төлөнгөн.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жастин Гэтжини жеңген Хабиб Нурмагомедов 6 миллион доллардан ашык акча алды деп жазган The Sports Daily.

Ага 50 миң доллар беттешке чыкканы үчүн бонус катарында, ал эми 40 миң UFC боюнча ар кыл иш-чараларга катышканы үчүн берилген. Белгиленген суммага акы төлөнгөн жеке трансляциялар менен башка спонсорлук каражаттар кирбейт.

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

ЖМКнын маалыматына караганда, Гэтжи беттеште 440 миң доллар тапкан. Бул расмий сумма эместиги, аталган акча алдын ала айтылган каражат экендиги белгиленген.

Эске салсак, UFC 254 турниринин алкагында Нурмагомедов атаандашы Гэтжини жеңип, аталган уюмда рекорд коюп 29 ирет жеңген да, спорттон кетүүнү жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0