Футзал оюнчусу топ менен. Архивдик сүрөт

Кыргызстандык футзалчы Ильяс Чотбаев Тажикстанда чемпион болду

70
(жаңыланган 12:22 26.10.2020)
Ильястын "Сипар" клубу ордо калаанын "Соро компания" командасын утуп, өз тарыхында алгачкы жолу өлкө чемпиону болууга жетишти.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук командасынын оюнчусу Ильяс Чотбаев "Сипар" клубу менен Тажикстандын профессионалдык футзал лигасынын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун маалымат кызматы Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ассоциация футзала КР 🇰🇬 (@futsal_kgz)

Худжанддык клуб финалдык серияда 3:1 эсебинде ордо калаанын "Соро компания" клубун утуп, өз тарыхында алгачкы жолу өлкө чемпиону болууга жетишти.

Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү

Финалдык сериянын төртүнчү беттешинде Ильяс эсеп айырмасын теңеген. Андан ары командалаштары Саломов менен Рахматов бирден топ киризип, жеңишти ишенимдүү камсыздашкан.

Кыргызстандык футзалчы Ильяс Чотбаев бул оюнда мыкты футболчу деп табылган. Ал Кыргызстандын "Фарватер" клубунан "Сипарга" өтүп, август айынан бери ойноп келет.

70
Белгилер:
чемпион, Тажикстан, футзал
Тема боюнча
Бишкекте футзал боюнча эл аралык турнир өтөт. Кимдер катыша алат?
Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү
Франциялык Стефани Фраппар тарыхта УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешиндеги беттешти тейлеген алгачкы аял-калыс болду

Чемпиондор лигасындагы футболдук беттешти биринчи жолу аял-калыс тейледи

61
(жаңыланган 14:40 03.12.2020)
Беттеш учурунда аял-калыс "Динамонун" эки, "Ювентустун" бир футболчусуна эскертүүчү айып кагазын көрсөткөн.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Франциялык Стефани Фраппар тарыхта УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешиндеги беттешти тейлеген алгачкы аял-калыс болду. Бул тууралуу Европа футбол уюмунун расмий сайтында айтылат.

  • Судья Стефани Фраппарт на матче киевское Динамо — Ювентус в рамках 5-го раунда группового этапа Лиги чемпионов в Турине. 2 декабря 2020 года
    Франциялык Стефани Фраппар тарыхта УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешиндеги беттешти тейлеген алгачкы аял-калыс болду
    © REUTERS / MASSIMO PINCA
  • Судья Стефани Фраппарт на матче киевское Динамо — Ювентус в рамках 5-го раунда группового этапа Лиги чемпионов в Турине. 2 декабря 2020 года
    Фраппар кечээ, 2-ноябрда, мелдештин тайпалык этабындагы Италиянын "Ювентус" клубу менен Украинанын "Динамо Киев" командасынын беттешине калыстык кылды
    © REUTERS / MASSIMO PINCA
  • Судья Стефани Фраппарт на матче киевское Динамо — Ювентус в рамках 5-го раунда группового этапа Лиги чемпионов в Турине. 2 декабря 2020 года
    Фраппарга мекендештери Хичам Закрани менен Мехди Рахмуни каптал калысы катары жардам беришкен.
    © REUTERS / MASSIMO PINCA
1 / 3
© REUTERS / MASSIMO PINCA
Франциялык Стефани Фраппар тарыхта УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешиндеги беттешти тейлеген алгачкы аял-калыс болду

Фраппар кечээ, 2-ноябрда, мелдештин тайпалык этабындагы Италиянын "Ювентус" клубу менен Украинанын "Динамо Киев" командасынын беттешине калыстык кылды.

Ал өз ишин мыкты аткарганын италиялык corrieredellosport.it маалымат булагы жазып, анын беттеш учурундагы сүрөттөрүн жарыялады.

Фраппарга мекендештери Хичам Закрани менен Мехди Рахмуни каптал калысы катары жардам беришкен.

Беттеш учурунда аял-калыс "Динамонун" эки, "Ювентустун" бир футболчусуна эскертүүчү айып кагазын көрсөткөн.

Оюн 3:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктаган.

Стефани Фраппар буга чейин УЕФАнын Европа лигасы мелдешинде "Лестер" — "Заря" жана уюмдун 2019-жылдагы Суперкубогу үчүн болгон "Челси" — "Ливерпуль" беттештерин тейлеген.

61
Белгилер:
Чемпиондор лигасы, УЕФА, футбол
Тема боюнча
Футболчу Серхио Рамос мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео
Месси "Осасунага" киргизген голун Марадонага арнады. Видео
Мадриддик Реал клубунун капитаны Серхио Рамос. Архив

Футболчу Серхио Рамос мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео

117
(жаңыланган 10:01 03.12.2020)
34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, алдына билдирүү жазган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мадриддик "Реал" клубунун капитаны Серхио Рамос ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Футболчу мушкерге өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу кайрылган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sergio Ramos (@sergioramos)

34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, астына билдирүү калтырган.

"Конор, качан даяр болосуң?" — деген футболчу.

Өз кезегинде мушкер бул чакырыкка кечиктирбей жооп кайтарган.

"Даяр бол, менин досум! Алдыда чоң беттеш турат", — деп футболчунун постунун астына билдирүү калтырган Конор.

Эки салмактын экс-чемпиону Конор Макгрегор 23-январда UFC 257 мелдешинде кезектеги беттешке чыгат. 32 жаштагы ирландиялык мушкерге америкалык Дастин Порье атаандаш болот.

Рамос буга чейин машыгууда гол киргизип, Макгрегордун басканын туурап майрамдап, мушкерге кайрылган.

Өз кезегинде мушкер достору менен футбол ойноп жатып алыстан киргизген голун жарыялап, футболчуга жооп кылган. Рамос Макгрегорду "Реал" клубунун машыгуусуна чакырган болчу.

117
Белгилер:
чакырык, Конор Макгрегор, UFC, футбол
Тема боюнча
UFC мушкери Конор Макгрегор "Реалдын" машыгуусуна катышмай болду
Массалык мушташ. Архив

Түндө ЦУМда массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Милициянын видеосу

0
(жаңыланган 22:21 03.12.2020)
Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлүп, бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген. Бирок интернетте андан көп барганы айтылат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрга караган түнү, Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

"Короче" Telegram-каналында ЦУМдун жанында милициянын тогуз унаасы өтүп бараткан видео жүктөлдү.

Бирок кайгуул кызматынын билдиргенине караганда, окуя болгон жерге үч экипаж гана жөнөтүлгөн.

"3-декабрга караган түнү саат 2:30да 102 кызматына ЦУМдун жанында массалык мушташ тууралуу кабар түшкөн. Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлгөн. Бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Мушташ токтотулуп, 15тей адам Свердлов райондук милициясына алып келинген. 

0
Белгилер:
унаа, милиция, мушташ, ЦУМ, Бишкек
Тема боюнча
Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео