Токаев ишенген казакстандык спортчу атаандашын бир сокку менен сулатты. Видео

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБокс боюнча казакстандык дүйнө чемпиону Бекзат Нурдаулетов. Архив
Бокс боюнча казакстандык дүйнө чемпиону Бекзат Нурдаулетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр дүйнө чемпиону болгон Бекзат Нурдаулетовго президент Касым-Жомарт Токаев "Құрмет" ардак орденин ыйгарып, аны спортто чоң ийгилик күтүп турарын белгилеген.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бокс боюнча казакстандык дүйнө чемпиону Бекзат Нурдаулетов алгачкы профессионалдык беттешинде эле атаандашын нокаут менен утуп алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казак мушкери танзаниялык Ибрагим Маоколой менен беттешкен.

Публикация от SPORTS.KZ (@kzsports)

Орточо оор салмактагылар арасындагы беттеш алты раундга эсептелген болчу. Бирок экинчи раундда эле 22 жаштагы казакстандык спортчу таамай соккусу менен каршылашынын эсин оодарган.

Эң мыкты беттеш! Бири-бирин 8 ирет нокдаунга кетирген боксчулардын видеосу

Мангыстау облусунда төрөлгөн Бекзат Нурдаулетов 2019-жылы Россияда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган.

Президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгынын негизинде "Құрмет" ардак ордени менен сыйланган. Өлкө башчы Нурдаулетовду спортто чоң ийгилик күтүп турарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0