Өз талаасынан тепти. Румыниялык дарбазачынын алыстан киргизген голунун видеосу

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутболчу машыгуу учурунда. Архив
Футболчу машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рэзван Удря атаандаштардын чабуулу учурунда топко биринчи жетип, аны катуу тээп кайтарган. Ал топ түз учуп барып дарбаза торуна кирген.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Румыниянын үчүнчү дивизионунда ойногон "Стяуа II" клубунун дарбазачысы Рэзван Удря расмий оюнда өз дарбазасынан тээп гол киргизди. Кызыктуу окуянын видеосун румыниялык журналист Эммануэль Росу өзүнүн Twitter баракчасына жарыялаганын РИА Новости жазды.

​"Стяуа II" чемпионатта "Волунтари II" командасы менен беттешкен. Биринчи бөлүктө эсеп 1:1 болуп турганда Удря атаандаш чабуулчудан озуп өтүп, топко биринчи жеткен. Ал каршы тарапка катуу тээп кайтарганда каршылаштардын дарбазасына кирип кеткен.

Чимирилип тепти! Ибрагимовичтин кезектеги өзгөчө голунун видеосу

Беттеш 4:1 эсебинде "Стяуа II" командасынын жеңиши менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0