Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу старт алды

Көк бөрү боюнча президенттик кубоктун алгачкы оюндары өттү. Жыйынтыктары

188
(жаңыланган 22:42 03.11.2020)
Бүгүн I лигадагы командалардын тайпалык этаптагы алгачкы туру жыйынтыкталды. Эртең жогорку лиганын спортчулары майданга чыгышат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 3-ноябрда, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу старт алды. Бул тууралуу Улуттук көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

  • Бүгүн, 3-ноябрда, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу старт алды
    Бүгүн, 3-ноябрда, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу старт алды
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Мелдештин биринчи күнү I лигадагы командалардын тайпалык этаптагы алгачкы туру жыйынтыкталды
    Мелдештин биринчи күнү I лигадагы командалардын тайпалык этаптагы алгачкы туру жыйынтыкталды
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Анда Сокулук атаандашы Четинди командасын 9:0 эсебинде утту. Мындан сырткары, Жети-Өгүз — Таш-Булак 5:0, Мурас — Ай-Тамга 5:2 жана Жумгал — Суусамыр 4:3 эсеби менен жыйынтыкталды
    Анда "Сокулук" атаандашы "Четинди" командасын 9:0 эсебинде утту. Мындан сырткары, "Жети-Өгүз" — "Таш-Булак" 5:0, "Мурас" — "Ай-Тамга" 5:2 жана "Жумгал" — "Суусамыр" 4:3 эсеби менен жыйынтыкталды
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГАМФКиС
Бүгүн, 3-ноябрда, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу старт алды

Мелдештин биринчи күнү I лигадагы командалардын тайпалык этаптагы алгачкы туру жыйынтыкталды. Анда "Сокулук" атаандашы "Четинди" командасын 9:0 эсебинде утту. Мындан сырткары, "Жети-Өгүз" — "Таш-Булак" 5:0, "Мурас" — "Ай-Тамга" 5:2 жана "Жумгал" — "Суусамыр" 4:3 эсеби менен жыйынтыкталды.

Көк бөрү: Манас Ниязов "Достуктан" кетип, башка командага кошулду

Жети-өгүздүк спортчу Азим Болот уулу атаандаштын тай казанына төрт салым салып, бомбардирлер тизмесинде алдыга чыкты.

Эртең аталган лигада тайпалык беттештер уланат. Саат 12:00дө жогорку лиганын көк бөрүчүлөрү майданга чыгышат. Анда "Ынтымак" — "Сары-Өзөн" жана "Достук" — "Кара-Буура" командалары беттешет.

Жылда өтүп жүргөн көк бөрү боюнча президенттин кубогунун алкагында ат чабыш, эр эңиш жана салбурун боюнча мелдештер пландалган.

Программасы:

• 3-7-ноябрь — көк бөрү боюнча турнирдин алдын ала беттештери;

• 7-ноябрь — көк бөрү боюнча 3-орун үчүн кармаштар жана эр эңиш, салбурун боюнча мелдештер;

• 8-ноябрь — көк бөрү боюнча финалдык мелдештер, эр эңиш, салбурун, ат чабыш боюнча мелдештер.

Аталган мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу адегенде октябрь айына https://sputnik.kg/sport/20200820/1049372125/kok-boru-prezidenttin-kubogu-meldeshi-oktyabrga-zhyldyryldy.html жылдыруу чечими кабыл алынган болчу.

188
Белгилер:
Чолпон-Ата, мелдеш, Көк бөрү
Тема:
Көк бөрү боюнча президенттик кубок (16)
Тема боюнча
Көк бөрү федерациясы: Манас Ниязов улуттук командага кирбей калышы мүмкүн
Чолпон-Атадагы көк бөрү оюнун блогерлер дагы чагылдырат. Шарт-талабы

Россиянын чемпионатында балбандар мушташа кетти. Видео

116
(жаңыланган 10:50 04.12.2020)
Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Күрөш башталбай жатып бокска айланган.

Россиянын Смоленск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн жаштар арасында өлкө чемпионатында Осетия менен Ингушетиянын балбандары мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Осетия жазды.

Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Алардын кармашы башталбай жатып бокска айланган.

Мушташкандарды машыктыруучулар, аренанын кызматкерлери жана атайын даярдыктагы милиция токтотуп калган. Спорттук эрежелерди сактабаган эки балбан тең мелдештен четтетилген.

Кийинчерээк алар элдешип, социалдык тармактарга чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарышканын Р-Спорт жазды.

116
Белгилер:
мушташ, балбан, Ингушетия, Россия, эркин күрөш
Тема боюнча
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео
Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео
Лондондук Арсенал менен веналык Рапид клубдарынын Европа лигасындагы беттеши

Марттан бери биринчи жолу. "Арсенал" "Рапид" оюнуна 2 миң күйөрман киргизилди

28
(жаңыланган 10:08 04.12.2020)
Улуу Британияда фанаттардын футболдук беттештерди стадиондон көргөн учуру март айынан бери биринчи ирет болуп жатат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Лондондук "Арсенал" менен веналык "Рапид" клубдарынын Европа лигасындагы беттешине эки миңдей күйөрман киргизилди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Улуу Британияда фанаттардын футболдук беттештерди стадиондон көргөн учуру март айынан бери биринчи ирет болуп жатат.

Оюн Лондондогу "Эмирейтс" аянтында өтүп, талаа ээлери 4:1 эсебинде жеңишке жеткен.

"Стадионго келип бизди колдогон эки миң күйөрманга жана биздин дүйнө жүзүндөгү бардык фанаттарга рахмат айтабыз", — деп белгиленет лондондук клубдун билдирүүсүндө.

Британиянын бийлиги буга чейин айрым клубдардын өз стадионундагы оюндарына белгилүү сандагы күйөрмандарды киргизүүгө макулдук берген. Англияда былтыркы сезон коронавируска байланыштуу март айынан тарта күйөрмансыз өткөн. Жаңы сезондо да азырынча фанаттар киргизиле элек.

28
Белгилер:
ФК "Рапид", ФК "Арсенал", пандемия, көрүүчү, Европа лигасы, футбол
Тема боюнча
Чемпиондор лигасындагы футболдук беттешти биринчи жолу аял-калыс тейледи
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев

Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

0
(жаңыланган 14:06 04.12.2020)
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев манасчылар жыл бою мектепке, университетке барып, бардык чакырган жерден калбай манас айтып, сөз милдетинен кутулуп жатканын айтты.
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

Манасты жайылтуу боюнча иштер чабал жүрүп жатат. Бирок бул багытта иштер башталып, манасчылардын ден соолугу медициналык жактан изилдене баштады. Бул тууралуу Замир Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эпос илимдин бардык багытында ар тараптуу изилденсе, көптөгөн ачылыштарды жасоого болот.

"Манасты" жайылтууда манасчылардын орду толгус. Аларга манас айтуу боюнча талап коюлбайт. Бул тууралуу өкмөткө же тийиштүү министрликке отчет дагы бербейт. Ошентсе дагы мектепке, университетке, деги эле чакырган жерге калтырбай барып, манас айтып берип сөз милдетинен кутулуп жатышат. Аны эч кимге колко кылган жок. 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталгандан кийин бул багытта ишти күчөтүү керек эле. Бирок "Манасты" жайылтуу боюнча иштер чабал болуп жатат. Ошентсе дагы учурда бул багыттагы алгачкы кадамдар ташталып, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия тарабынан манасчыларды изилдөө иштери башталды. Мындан тышкары, эпосто кездешкен урма, үйлөмө жана башка музыкалык аспаптарды жасоо колго алынууда", — деди Баялиев.

Манасчы эпосту мамлекеттик деңгээлде даңазалоо 4-декабрь күнү эле жүргүзүлбөстөн, жыл бою ишке ашуусу керектигин кошумчалады.

Белгилей кестек, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ал эми 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь —"Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.

0
Белгилер:
Манас, медицина, Манас эпосу, эпос
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт