Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов. Архив

Гүлжигит Алыкулов ойногон "Кайрат" клубу өлкө биринчилигин жеңди

123
(жаңыланган 19:40 03.11.2020)
Бүгүн, 3-ноябрда, мелдештин 17-турунун алкагында алматылыктар өз талаасында "Окжетпес" клубун 3:1 эсебинде утту.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов ойноп жаткан алматылык "Кайрат" клубу өлкө биринчилигинин аяктаарына үч тур калганда чемпион болду. Мындай сүйүнүчтүү кабарды команда өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Бүгүн, 3-ноябрда, мелдештин 17-турунун алкагында алматылыктар өз талаасында "Окжетпес" клубун кабыл алып, 3:1 эсебинде утту. Бул жеңиш менен команда өлкө чемпиондугун камсыздады. Алыкулов беттештин экинчи бөлүгүндө оюн талаасына чыкты.

Кыргызстандык футзалчы Ильяс Чотбаев Тажикстанда чемпион болду

Бул жеңиш менен "Кайрат" 44 упай топтоп, артта келе жаткан "Астана" клубу жете албай турган айырма менен алдыга озуп кетти.

Гүлжигит Алыкулов быйылкы сезондон тарта беларустук "Неман" клубунан "Кайратка" өткөн. Алматылык команда менен ал УЕФАнын Европа лигасы мелдешинин квалификациялык этабында жана Казакстандын чемпионатында ойноп, эки гол киргизген.

2004-жылдан бери биринчи жолу Казакстандын чемпиону болгон "Кайрат" менен келерки жылы УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин квалификациялык баскычында ойнойт.

123
Белгилер:
чемпион, Казакстан, футбол, Гүлжигит Алыкулов
Тема боюнча
Футболчу Гүлжигит Алыкулов жаракатынан сакайып, оюн талаасына чыкты

Бөрү карыса да бир койлук алы бар! Тайсон менен Жонстун беттешинин толук видеосу

362
Бүгүн бокс дүйнөсүндө чоң майрам болду. Спорттун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс рингде көптөн күттүргөн кармашты тартуулады.

Атактуу спортчулардын беттешинин толук видеосу YouTube-каналга жарыяланды.

Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген.

Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктабай, спортчулар аягына чейин кармашышты. Натыйжада калыстар алар тең чыкты деген тыянакка келишкен.

Кармаш күйөрмандар болжолдогондой эле болду. Тайсон дистанцияны жакындатып, Жонско ыңгайсыздык жаратканга аракет кылды. Атаандашы өз кезегинде күүлүү-күчтүү экенин тастыктап турду. Нокаут болгон жок.

Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты.

Тайсон да, Жонс да рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатканын белгилей кетели. Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттешке чыга элек болчу.

362
Белгилер:
видео, беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон, АКШ
Тема боюнча
Майк Тайсон менен Рой Жонстун кыл чайнашы. Тексттик трансляция
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу
Бокс боюнча өлкө чемпионаты

Кимдер мыкты болду? Бишкекте бокс боюнча КРдин чемпионаты аяктады. Сүрөт

67
Бокс боюнча өлкө биринчилиги COVID-19 пандемиясына байланыштуу көрүүчүлөрү жок өттү. Ага булуң-бурчтан 120 спортчу катышты.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

  • Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады
    Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Мелдеш 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү
    Мелдеш 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Турнир Эл аралык бокс ассоциациясынын (АИБА) эрежеси менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда уюштурулган
    Турнир Эл аралык бокс ассоциациясынын (АИБА) эрежеси менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда уюштурулган
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • COVID-19 пандемиясына байланыштуу мелдеш көрүүчүлөрү жок өттү
    COVID-19 пандемиясына байланыштуу мелдеш көрүүчүлөрү жок өттү
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Кыргызстандын чемпионатына Бишкек менен Ош шаарларынан жана жети облустан 120 спортчу катышты
    Кыргызстандын чемпионатына Бишкек менен Ош шаарларынан жана жети облустан 120 спортчу катышты
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
1 / 5
© Фото / пресс-служба ГАМФКиС
Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады

Мелдеш 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Турнир Эл аралык бокс ассоциациясынын (АИБА) эрежеси менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда уюштурулган.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу мелдеш көрүүчүлөрү жок өттү.

Кыргызстандын чемпионатына Бишкек менен Ош шаарларынан жана жети облустан 120 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

Кыздар

57 килограмм

  • 1-орун — Шахриза Халилова;
  • 2-орун — Зухра Курманаева;
  • 3-орун —Айгүл Абдувахид кызы менен Нуржамал Гапарова.

60 килограмм

  • 1-орун — Бегайым Акбалаева;
  • 2-орун — Айдай Аскерова.

Эркектер

49 килограмм

  • 1-орун — Мирлан Түркбай уулу;
  • 2-орун — Асылбек Аманкул уулу;
  • 3-орун — Бактыбек Садырбек уулу менен Анвар Ходжиев;

52 килограмм

  • 1-орун — Азат Үсөналиев;
  • 2-орун — Нуржигит Дүйшөбаев;
  • 3-орун — Ислам Маров менен Жакшылык Тилек уулу.

57 килограмм

  • 1-орун — Акылбек Эсенбек уулу;
  • 2-орун — Мунарбек Сейитбек уулу;
  • 3-орун — Санжар Сейдакматов менен Жеңишбек Белашаров.

60 килограмм

  • 1-орун — Мирзохид Имамназаров;
  • 2-орун — Хусниддин Пратов;
  • 3-орун — Темирлан Нурлан уулу менен Камчыбек Зундунов.

63 килограмм

  • 1-орун — Дмитрий Пучнин;
  • 2-орун — Султан Асанкул уулу;
  • 3-орун —Нурсади Иминджанов менен Рыспек Бектенов.

69 килограмм

  • 1-орун — Сыргак Абдижапар уулу;
  • 2-орун — Өмүрбек Маманов;
  • 3-орун — Нурадин Рустамбек уулу жана Жакшылык Таалайбеков.

75 килограмм

  • 1-орун — Өмүрбек Бекжигит уулу;
  • 2-орун —Жаркынбек Туратов;
  • 3-орун — Данияр Дамирдин уулу менен Адилет Батыралиев.

81 килограмм

  • 1-орун — Эркин Адылбек уулу;
  • 2-орун — Бакыт Токтосун уулу;
  • 3-орун — Айдар Азамат уулу жана Керимбай Эркинов.

91 килограмм

  • 1-орун — Рустам Ырысбек уулу;
  • 2-орун — Ильяр Ахметов;
  • 3-орун — Самат Жумалиев менен Баяман Ильясов.

91 килограммдан өйдө

  • 1-орун — Бекболсун Токтосун уулу;
  • 2-орун — Сергей Паренко;
  • 3-орун — Али Бабаев.

Мындан сырткары, "Мыкты боксчу" наамын Дмитрий Пучнин, "Мыкты калыс" наамын Мукаш Ырсалиев жана "Мыкты машыктыруучу" наамын Кенжебек Акелбаев алган.

67
Белгилер:
жеңүүчү, мелдеш, чемпионат, бокс, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр эл аралык мелдеште алтын медалдарга татыды
Бишкекте дзюдо боюнча Азиянын жана Океаниянын чемпионаты өтөт
Лыжа базасында эс алуучу. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
30-ноябрга караган түнү өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрь, дүйшөмбүдө, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4 …-9, Ысык-Көлдө -4…+1 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада -4…-6, Ош шаарында -1…+1 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет