Карантинден кийинки алгачкы турнир. Айсулуу Тыныбекова Польшага учуп кетти

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаТрехкратная чемпионка Азии по борьбе Айсулуу Тыныбекова
Трехкратная чемпионка Азии по борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу турнирден кийин атайын машыгууларды Польшада уланта турганын билдирди. Ал килемге чыга турчу күндү жазган эмес.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбору Варшавадагы эл аралык турнирге катышуу үчүн кетти. Бул тууралуу спортчу өзү Facebook баракчасына жазды.

Ал коронавируска байланыштуу узак мөөнөттүү тыныгуудан кийин алгачкы ирет мелдешке катышып жатканын белгиледи.

UWW: 12-декабрда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

"Азыр аман-эсен Стамбулга келип алдык. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Poland Open эл аралык турнирине бара жатабыз. Убакыттын тардыгына байланыштуу жетерибиз менен дароо күрөшөм. Баары жакшы! Болгону Кыргызстандан чет жерге чыгуу абдан оор болуп калыптыр. Аэропорттон чыгууда көп кыйынчылыктар болду. Ооба, азыр вирустан коргонууга байланышкан чектөөлөргө баш ийип, тартипти баарыбыз сакташыбыз керек", — деп жазган Тыныбекова.

Ошондой эле ал турнирден кийин атайын машыгууларды Польшада уланта турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0