Тыныбекова финалда россиялык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Кармаштын видеосу

© Sputnik / Абзал КалиевКүрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив
Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кыргызстандык балбан ушул эле турнирде россиялык балбан Ульяна Тукуренова жана Африканын азыркы чемпиону Тунистен чыккан Марва Амрини жеңген.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбору Варшавадагы эл аралык турнирде финалда таза жеңишке жетти.

Мелдеш Youtube каналында түз алып көрсөтүлдү.

Финалда Тыныбекова 62 килограммда россиялык Анжела Фоменко менен кармашып, атаандашын 10:0 эсебинде утту.

Ага чейин кыргызстандык балбан россиялык Ульяна Тукуренова жана Африканын азыркы чемпиону Тунистен чыккан Марва Амрини жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0