Айсулуу Тыныбекова кайрылуу жасап, жеңишинин сүрөт, видеолорун жарыялады

© AP Photo / Anvar IlyasovКыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков беш балбан кызды алып барган. Алардын бири Айпери Медет кызы ден соолугуна байланыштуу катышпай калды.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн эл аралык турнирден алтын медаль уткандан кийин Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Тыныбекова ишембиге караган түнү Варшавадагы Poland Open эл аралык мелдешинде баш байгени утуп алган. Ага удаа эле балбан Мээрим Жуманазарова дагы алтын медаль тагынган.

Жылдыздуу балбан атыккан Жуманазарова өлкөгө алтын алып келди. Видео

"Ошентип Кыргызстандын капчыгын дагы бир эл аралык мелдештин медалдары менен толтурдук. Бул жалпы командабыздын эмгеги. Польшада жашаган мекендештер келип абдан жакшы колдоп беришти. Терең таазим кылам! Сиздерди көрүп абдан сүйүндүм. Жалпыңыздарга каалоо-тилектериңиздер үчүн чоң рахмат", — деп жазган Тыныбекова.

Аталган турнирге кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков беш балбан кызды алып барган. Алардын бири Айпери Медет кызы ден соолугуна байланыштуу катышпай калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0