Президенттик кубок: Көлдүн "Мурасы" Оштун "Ала-Тоо" командасын утуп алды

© пресс-служба ГАМФКиСКубок президента КР по кок бору в Чолпон-Ате
Кубок президента КР по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мурас" командасы Ысык-Көлдө, ал эми "Ала-Тоо" Ош шаарында быйыл жаңыдан куралып, биринчи ирет мелдешке катышып жатат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Көк бөрү боюнча президенттик кубоктун биринчи лигасынын финалында "Мурас" командасы "Ала-Тоонун" көк бөрүчүлөрүн утуп жеңүүчү аталды.

Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ала-Тоонун" улакчысы Манас Ниязов эсеп санын ачты, андан соң "Мурастын" оюнчулары удаасы менен каршылашынын тай казанына эки улак салды. Ошентип биринчи тайм 2:1 эсеби менен соңуна чыкты.

© Sputnik / Акылбек БатырбековКөк бөрү боюнча президенттик кубоктун биринчи лигасынын финалында "Мурас" командасы "Ала-Тоонун" көк бөрүчүлөрүн утуп жеңүүчү аталды.
Көк бөрү боюнча президенттик кубоктун биринчи лигасынын финалында Мурас командасы Ала-Тоонун көк бөрүчүлөрүн утуп жеңүүчү аталды. - Sputnik Кыргызстан
1/6
Көк бөрү боюнча президенттик кубоктун биринчи лигасынын финалында "Мурас" командасы "Ала-Тоонун" көк бөрүчүлөрүн утуп жеңүүчү аталды.
© пресс-служба ГАМФКиСОюндун биринчи бөлүгүндө "Ала-Тоонун" улакчысы Манас Ниязов эсеп санын ачты, андан соң "Мурастын" оюнчулары удаасы менен каршылашынын тай казанына эки улак салды.
Оюндун биринчи бөлүгүндө Ала-Тоонун улакчысы Манас Ниязов эсеп санын ачты, андан соң Мурастын оюнчулары удаасы менен каршылашынын тай казанына эки улак салды. - Sputnik Кыргызстан
2/6
Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ала-Тоонун" улакчысы Манас Ниязов эсеп санын ачты, андан соң "Мурастын" оюнчулары удаасы менен каршылашынын тай казанына эки улак салды.
© пресс-служба ГАМФКиСОшентип биринчи тайм 2:1 эсеби менен соңуна чыкты.
Ошентип биринчи тайм 2:1 эсеби менен соңуна чыкты. - Sputnik Кыргызстан
3/6
Ошентип биринчи тайм 2:1 эсеби менен соңуна чыкты.
© пресс-служба ГАМФКиСАл эми экинчи бөлүктө "Ала-Тоо" командасы эсеп санын теңөөгө жетишти.
Ал эми экинчи бөлүктө Ала-Тоо командасы эсеп санын теңөөгө жетишти. - Sputnik Кыргызстан
4/6
Ал эми экинчи бөлүктө "Ала-Тоо" командасы эсеп санын теңөөгө жетишти.
© пресс-служба ГАМФКиСБирок атаандаштары да катуу каршылык көрсөтүп, эки салым менен жооп кайтарып эсепти 4:2ге жеткирди.
Бирок атаандаштары да катуу каршылык көрсөтүп, эки салым менен жооп кайтарып эсепти 4:2ге жеткирди. - Sputnik Кыргызстан
5/6
Бирок атаандаштары да катуу каршылык көрсөтүп, эки салым менен жооп кайтарып эсепти 4:2ге жеткирди.
© пресс-служба ГАМФКиСЧечүүчү үчүнчү таймда эки команда тең атаандашынын тай казанына бирден улак таштады.
Чечүүчү үчүнчү таймда эки команда тең атаандашынын тай казанына бирден улак таштады. - Sputnik Кыргызстан
6/6
Чечүүчү үчүнчү таймда эки команда тең атаандашынын тай казанына бирден улак таштады.
1/6
Көк бөрү боюнча президенттик кубоктун биринчи лигасынын финалында "Мурас" командасы "Ала-Тоонун" көк бөрүчүлөрүн утуп жеңүүчү аталды.
2/6
Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ала-Тоонун" улакчысы Манас Ниязов эсеп санын ачты, андан соң "Мурастын" оюнчулары удаасы менен каршылашынын тай казанына эки улак салды.
3/6
Ошентип биринчи тайм 2:1 эсеби менен соңуна чыкты.
4/6
Ал эми экинчи бөлүктө "Ала-Тоо" командасы эсеп санын теңөөгө жетишти.
5/6
Бирок атаандаштары да катуу каршылык көрсөтүп, эки салым менен жооп кайтарып эсепти 4:2ге жеткирди.
6/6
Чечүүчү үчүнчү таймда эки команда тең атаандашынын тай казанына бирден улак таштады.

Ал эми экинчи бөлүктө "Ала-Тоо" командасы эсеп санын теңөөгө жетишти. Бирок атаандаштары да катуу каршылык көрсөтүп, эки салым менен жооп кайтарып эсепти 4:2ге жеткирди.

Чечүүчү үчүнчү таймда эки команда тең атаандашынын тай казанына бирден улак таштады. Натыйжада оюн 5:3 эсеби менен жыйынтыкталып, "Мурас" биринчи лиганын жеңүүсү болду.

"Мурас" командасы Ысык-Көлдө, ал эми "Ала-Тоо" Ош шаарында быйыл жаңыдан куралып, биринчи ирет мелдешке катышты. "Ала-Тоо" командасынын курамына мурда "Достукта" ойноп жүргөн Манас Ниязов, Таштемир Майлибашев кирген.

Көк бөрү: президенттин кубогунун коло байге ээлери белгилүү болду

Жогорку лиганын финалы бүгүн саат 14:30 башталат, анда "Ынтымак" жана "Достук" командалары беттешет.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу өтүп жатат. Мелдештер 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланды. Жогорку лигада алты, ал эми биринчи лигада 12 команда катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0