Чолпон-Атада болгон эр эңиш оюнунун катышуучулары

Чолпон-Атада эр эңиш оюну аяктады. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси жана сүрөттөрү

324
(жаңыланган 17:27 08.11.2020)
Мелдешке Бишкек шаарынан жана Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынан келген 23 спортчу катышты. Беш салмак категориясынан жеңүүчүлөр аныкталды.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Мелдешке Бишкек шаарынан жана Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынан келген 23 спортчу катышты. Финалдык кармашуулар бүгүн, 8-ноябрда, болду.

  • Победитель конноспортивной игры эр эниш в Чолпон-Ате
    Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
    © пресс-служба ГАМФКиС
  • Победители конноспортивной игры эр эниш в Чолпон-Ате
    Ага мелдештерге Бишкек шаарынан жана Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынан келген 23 спортчу катышты.
    © пресс-служба ГАМФКиС
  • Победители конноспортивной игры эр эниш в Чолпон-Ате
    Финалдык кармашуулар бүгүн, 8-ноябрда болду.
    © пресс-служба ГАМФКиС
1 / 3
© пресс-служба ГАМФКиС
Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Алдыңкы орунду ээлеген балбандардын тизмеси:

+ 90 кг:

1-орун – Күмүшбек Кадыралиев, Талас облусу;

2-орун – Азатбек Каныбек уулу, Бишкек шаары;

3-орун – Фархад Камчыбеков, Чүй облусу.

90 кг:

1-орун – Амантур Мүнүр уулу, Талас облусу;

2-орун – Бекболсун Абдурасулов, Жалал-Абад облусу;

3-орун –Темирбек Ибрагимов, Чүй облусу.

80 кг:

1-орун – Калыбек Бузурманкул уулу, Чүй облусу;

2-орун – Бактыгул Райхан уулу, Нарын облусу;

3-орун – Барктабас Жыргалбек уулу, Бишкек шаары.

70 кг:

1-орун – Чолпонбай Темирбек уулу, Нарын облусу;

2-орун – Арзымат Джумадилов, Чүй облусу;

3-орун – Ишен Эрназаров, Жалал-Абад облусу.

60 кг:

1-орун – Жекшенбек Турдубеков, Нарын облусу;

2-орун – Алибек Шамилбеков, Бишкек шаары;

3-орун – Азамат Шакир уулу, Чүй облусу.

Белгилей кетсек, ат оюндары Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан өткөрүлүп жатат.

324
Белгилер:
Чолпон-Ата, жеңиш, улуттук ат оюндары, эр эңиш
Тема:
Көк бөрү боюнча президенттик кубок (16)
Тема боюнча
Көк бөрү: президенттин кубогунун коло байге ээлери белгилүү болду
Президенттик кубок: жогорку лиганын көкбөрүчүлөрү кызуу оюн көрсөттү. Сүрөттөр

"Дордой" менен "Алай" Борбор Азиянын мыкты клубу жарышында ат салышып жатат

51
(жаңыланган 19:26 27.11.2020)
Бул наам үчүн кыргызстандык командалардан сырткары Өзбекстандан төрт, Тажикстандан үч жана Түркмөнстандан бир команда жарышка катышууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын "Дордой" жана "Алай" футболдук клубдары Борбор Азиядагы эң популярдуу клуб наамы үчүн ат салышып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Азия футбол конфедерациясы (АФК) @theafchub расмий сайтында чөлкөмдөгү таанымал клубду аныктоо боюнча сурамжылоо уюштурду.

Спорттук бул наам үчүн кыргызстандык эки командадан сырткары Өзбекстандан төрт, Тажикстандан үч жана Түркмөнстандан бир команда ат салышууда.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары ата мекендик клубдарды колдоо үчүн шилтеме менен кирип, өзүнүн мыкты деген командасын тандай алат.

Добуш берүү 1-декабрга чейин уланат.

Эске салсак, быйыл Бишкектин "Дордойу" өлкө чемпиону болсо, Оштун "Алайы" өлкө кубогун уткан.

51
Белгилер:
клуб, мыктылар, АФК, Борбордук Азия, футбол
Тема боюнча
Аза кызматындагылар Марадонанын сөөгү менен фотосессия уюштурушкан. Сүрөт
Кыргызстандык футзалчы Ильяс Чотбаев Тажикстанда чемпион болду

Эстеп көрөлү. Макгрегор менен Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды

143
(жаңыланган 17:45 27.11.2020)
UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды. Ал ирмемдерди уюмдун Facebook баракчасынан көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, ирландиялык мушкер америкалык спортчу менен 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен утуп алган.

Дастин Порье менен Конор Макгрегордун кайрадан октагонго чыгары күтүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, реванш Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кийинки жылдын 23-январында болот.

Эки мушкер тең буга чейин россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан.

143
Белгилер:
мушкер, видео, беттешүү, Конор Макгрегор, Дастин Порье
Тема боюнча
Эже-сиңди Шевченколордун энеси дүйнө чемпиону болду. Видео
Ар бир булчуңдун кыймылы көрүнүп... Шевченко катышкан турнирден өзгөчө видео
Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп алды. Видео
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

0
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

0
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео