Таластын Ынтымак командасы 2020-жылдагы көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин жогорку лигасында чемпион болду.

"Ынтымак" командасы “Достукту” караандатпай утуп, президенттин кубогуна ээ болду

709
(жаңыланган 17:48 08.11.2020)
Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо көк бөрү боюнча президенттин кубогу мелдеши өттү. Жогорку лиганын финалында эзелки атаандаштар "Ынтымак" менен "Достук" командалары байге талашты.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Таластын "Ынтымак" командасы 2020-жылдагы көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин жогорку лигасында чемпион болду.

Финалда алар Оштун "Достук" командасын 9:2 эсебинде утуп алды. Беттештин жүрүшүн Sputnik Кыргызстан агенттиги түз эфирден чагылдырды.  

Баш байгеге 500 миң, экинчи орунга 250 миң, үчүнчү орунга 120 миң сом ыйгарылды. 

  • Финал президентского кубка по кок-бору между командами Ынтымак (Талас) и Достук (Ош) на ипподроме в Чолпон-Ате
    Таластын "Ынтымак" командасы 2020-жылдагы көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин жогорку лигасында чемпион болду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Финал президентского кубка по кок-бору между командами Ынтымак (Талас) и Достук (Ош) на ипподроме в Чолпон-Ате
    Финалда алар Оштун "Достук" командасын 9:2 эсебинде утуп алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Финал президентского кубка по кок-бору между командами Ынтымак (Талас) и Достук (Ош) на ипподроме в Чолпон-Ате
    Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу мелдеши жана ат оюндары өттү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Финал президентского кубка по кок-бору между командами Ынтымак (Талас) и Достук (Ош) на ипподроме в Чолпон-Ате
    Мелдештер 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланды. Жогорку лигада алты, ал эми биринчи лигада 12 команда ойногон.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Таластын "Ынтымак" командасы 2020-жылдагы көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин жогорку лигасында чемпион болду.

Кечээ, 7-ноябрда, жогорку лиганын коло байгесине "Сары-Өзөн" командасы ээ болгон. Ал эми биринчи лиганын баш байгесин "Мурас", экинчи орунду "Ала-Тоо", үчүнчү орунду "Келечек" командасы ээледи.

Чолпон-Атада эр эңиш оюну аяктады. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси жана сүрөттөрү

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу мелдеши жана ат оюндары өттү.

Мелдештер 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланды. Жогорку лигада алты, ал эми биринчи лигада 12 команда ойногон.

Аталган мелдештин жогорку лигасында өткөн жылы Оштун "Достук" командасы чемпион болгон.

709
Белгилер:
Достук, финал, "Ынтымак" командасы, Көк бөрү
Тема:
Көк бөрү боюнча президенттик кубок (16)
Тема боюнча
Чапкан аты тай казанга түшүп калды. Көк бөрү финалынын кызыктуу учурлары видеодо
Көк бөрү боюнча президенттик кубоктун алгачкы оюндары өттү. Жыйынтыктары
Көк бөрү: президенттин кубогунун коло байге ээлери белгилүү болду

"Дордой" менен "Алай" Борбор Азиянын мыкты клубу жарышында ат салышып жатат

38
(жаңыланган 19:26 27.11.2020)
Бул наам үчүн кыргызстандык командалардан сырткары Өзбекстандан төрт, Тажикстандан үч жана Түркмөнстандан бир команда жарышка катышууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын "Дордой" жана "Алай" футболдук клубдары Борбор Азиядагы эң популярдуу клуб наамы үчүн ат салышып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Азия футбол конфедерациясы (АФК) @theafchub расмий сайтында чөлкөмдөгү таанымал клубду аныктоо боюнча сурамжылоо уюштурду.

Спорттук бул наам үчүн кыргызстандык эки командадан сырткары Өзбекстандан төрт, Тажикстандан үч жана Түркмөнстандан бир команда ат салышууда.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары ата мекендик клубдарды колдоо үчүн шилтеме менен кирип, өзүнүн мыкты деген командасын тандай алат.

Добуш берүү 1-декабрга чейин уланат.

Эске салсак, быйыл Бишкектин "Дордойу" өлкө чемпиону болсо, Оштун "Алайы" өлкө кубогун уткан.

38
Белгилер:
клуб, мыктылар, АФК, Борбордук Азия, футбол
Тема боюнча
Аза кызматындагылар Марадонанын сөөгү менен фотосессия уюштурушкан. Сүрөт
Кыргызстандык футзалчы Ильяс Чотбаев Тажикстанда чемпион болду

Эстеп көрөлү. Макгрегор менен Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды

125
(жаңыланган 17:45 27.11.2020)
UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды. Ал ирмемдерди уюмдун Facebook баракчасынан көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, ирландиялык мушкер америкалык спортчу менен 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен утуп алган.

Дастин Порье менен Конор Макгрегордун кайрадан октагонго чыгары күтүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, реванш Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кийинки жылдын 23-январында болот.

Эки мушкер тең буга чейин россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан.

125
Белгилер:
мушкер, видео, беттешүү, Конор Макгрегор, Дастин Порье
Тема боюнча
Эже-сиңди Шевченколордун энеси дүйнө чемпиону болду. Видео
Ар бир булчуңдун кыймылы көрүнүп... Шевченко катышкан турнирден өзгөчө видео
Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп алды. Видео
Портфель менен киши. Архив

Беш өлкө Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме

0
(жаңыланган 22:03 27.11.2020)
Өлкө бийлиги тышкы карызды тейлөө боюнча бир катар мамлекеттер менен мөөнөттү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.

Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.

0
Белгилер:
Тышкы карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады