Балбан Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт

Тыныбекова баштаган КРдин балбан кыздары Польшада машыгуусун баштады

126
Окуу-машыгуу Варшавадан анча алыс эмес жердеги Олимпиадалык базада болуп жатат. Команда олимпиадалык жолдомо ойнотулуучу мелдештерге даярданат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова башында турган Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы Польшада окуу-машыгуусун баштады. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуу-машыгуу өлкө борборунан анча алыс эмес жердеги Олимпиадалык базада болуп жатат. Курамына Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы, Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы кирген команда олимпиадалык жолдомо ойнотулуучу мелдештерге даярдыкты баштады.

Атабек Азисбеков: Токио Олимпиадасында мен үчүн ыңгайсыз атаандаш болбойт

"Варшава шаарынан 16 чакырым алыстыкта жайгашкан Олимпиадалык базада окуу-машыгуу башталды. Эң башкы максат — Токио олимпиадасына лицензия ойнотулуучу медештерге карата даярдык көрүү. Мелдештер Дүйнөлүк күрөш уюмунун чечими менен былтыр белгиленген жерлерде өтмөй болду. Бул адегенде март айында Болгариянын София шаарында, андан соң апрелде Кытайдын Сиань шаарында болот", — деген Изабеков.

Мунун алдына КРдин балбан кыздары Poland open рейтингдик мелдешке катышкан. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова жана 68 килограммда Мээрим Жуманазарова алтын байге утушкан.

КРдин күрөш боюнча кыздар курама командасынан азырынча Айсулуу Тыныбековада гана Токио Олимпиадасына лицензиясы бар. Ал 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон.

126
Белгилер:
Польша, курама команда, Айсулуу Тыныбекова, Нурбек Изабеков, күрөш
Тема боюнча
Жылдыздуу балбан атыккан Жуманазарова өлкөгө алтын алып келди. Видео
Тыныбекова финалда россиялык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Кармаштын видеосу
Футзал оюнчулары. Архив

Бүгүн футзал боюнча Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүсү аныкталат

51
Мелдештин финалында "Ал Халал" менен "Мурас" командалары беттешет. Оюн Бишкектеги "Алай Мурдаш" спорттук жайында өтөт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн, 1-декабрда, футзал боюнча "Кыргызстандын кубогу – 2020" мелдешинин жеңүүчүсү аныкталат. Бул тууралуу аталган спорттук ассоциациянын маалымат кызматы билдирди.

Мелдештин финалында Бишкектин "Ал Халал" менен Ысык-Көлдүн "Мурас" командалары беттешет. Оюн Бишкектеги "Алай Мурдаш" спорттук жайында саат 12:00дө башталат.

Жарым финалда болсо "Ал Халал" "Бакубат Талас" командасын 7:3 эсебинде утуп, "Мурас" Оштун "ЕРЕМ" клубун 2:1 эсебинде жеңген.

Бул мелдеште өткөн жылы Бишкектин "Алга Дордой" клубу алдыга чыккан. "Дордойлуктар" финалда Бишкектин "Строй-Мир" командасын 3:1 эсебинде жеңип алган.

51
Белгилер:
финал, футзал
Тема боюнча
АФК-2021 мелдешинин форматы жана өтө турган күнү бекиди
Спортчу Денис Петрашов. Архивдик сүрөт

11 медаль. КРдин сууда сүзүү боюнча улуттук командасы Өзбекстандан жемиштүү кайтты

95
(жаңыланган 14:46 30.11.2020)
Спортчулардын ичинен Елизавета Рогожникова менен Рамазан Омаров Кыргызстандын да рекордун жаңылаган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасы сууда сүзүү боюнча лицензиялык Өзбекстандын ачык кубогунан 11 медаль менен кайтты. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Төрт спортчу ошентип үч алтын, беш күмүш, үч коло медалга ээ болгон.

Мелдешке 300 адам катышса, алардын ичинен алтоо Кыргызстандан болгон. Алардан сырткары, чет өлкөлөрдүн ичинен Чехиядан келген жана жергиликтүү сууда сүзүүчүлөр катышкан.

Кыргызстандык спортчулардын көрсөткөн жыйынтыгы:

Денис Петрашов

  • Брасс түрүндө 50 метр — алтын медаль;
  • Брасс түрүндө 100 м — алтын медаль;
  • Брасс түрүндө 200 м — коло медаль;

Елизавета Рогожникова

  • Чалкасынан сүзүү 200 м — алтын медаль;
  • Чалкасынан сүзүү 100 м — күмүш медаль;
  • Чалкасынан сүзүү 50 м — күмүш медаль, Кыргызстандын рекорду;
  • Комплекстүү сүзүү 200 м — күмүш медаль.

Рамазан Омаров

Эркин стиль 1500 м — күмүш медаль;

Эркин стиль 800 м — күмүш медаль, Кыргызстандын рекорду.

Тенгиз Тюбеев

  • Эркин стиль 1500 м — коло медаль.

Белгилей кетсек, Кубок 2020-жылдын 24-ноябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан) старт алып, 29-ноябрда аяктаган.

95
Белгилер:
ийгилик, медаль, сууда сүзүү, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Энем кыргыз! Азиядан КРге алтын медаль алып келген Будажаповдун видеосу
Арча-Бешик конушуна асмандан көрүнүш. Архивдик сүрөт

Шаршембиге карата аба ырайы

0
2-декабрга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 2-декабрь, шаршембиде, күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1…+4, Талас жергесинде 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Ысык-Көлдө жана Нарында 0…+5 градусту түзөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо 0…+2, Ош шаарында +7…+9 градус жылыйт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы