Спорт агенттиги Түркияда өтчү Көчмөндөр оюндарына даярдыкты баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековТуркиядан мушкер желеги менен. Архив
Туркиядан мушкер желеги менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттиктин директору менен дирекция, федерациялардын жетекчилери учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо жана иш планга өзгөртүү киргизүү максатында жолугушкан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев 2021-жылы Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спорттун улуттук түрлөрү боюнча курама командалардын даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын спортчуларын Көчмөндөр оюндарына өз убагында жана сапаттуу даярдоо маселелери каралды.

"Курама командалардын даярдыгы үчүн бардык жоопкерчилик Мамагенттикке жүктөлгөн. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялардын бардык өкүлдөрүнөн коюлган маселелерге жоопкерчилик менен мамиле жасоону, бардык талаптарды жана тапшырмаларды так аткарууну суранам. Учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо жана иш планга өзгөртүү киргизүү максатында жолугушуп жатабыз", — деди Шабданбаев.

Тыныбекова баштаган КРдин балбан кыздары Польшада машыгуусун баштады

Ошондой эле ал Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияга 13-ноябрга чейин федерациялар менен биргеликте спорттук жабдууларды стандартташтырууну иштеп чыгууну тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0