Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив

Дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекованы колдоого чакырды

757
(жаңыланган 13:34 13.11.2020)
Уюм спортчу кыздын сүрөтүн чыгарып, анын Instagram баракчасында катталуучулар арбып жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованы колдоого чакырды. UWW спортчу кыздын сүрөтүн чыгарып, анын Instagram баракчасында катталуучулар арбып жатканын белгилеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

"Кыргызстандык биринчи дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын Instagram баракчасынын катталуучулары 150 миңге чукулдады. Айсулууну колдоого алалы!" — деген билдирүү калтырган аталган уюм.

Тыныбекова баштаган КРдин балбан кыздары Польшада машыгуусун баштады

Балбан кыз жакында эле Польшада өткөн рейтингдик Poland open эл аралык мелдешине катышып, чемпион болгон. Учурда мыктылардын дүйнөлүк рейтингинде аталган салмакта биринчи орунда турат.

Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 62 килограмм салмакта чемпион болуп, алтын байге уткан кыргызстандык алгачкы балбан болгон.

757
Белгилер:
күрөш, Айсулуу Тыныбекова
Тема боюнча
Айсулуу Тыныбекова кайрылуу жасап, жеңишинин сүрөт, видеолорун жарыялады
Тыныбекова финалда россиялык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Кармаштын видеосу
Тыныбекова баштаган КРдин балбан кыздары Польшада машыгуусун баштады
Тоолуу Карабахтагы Россиянын тынчтык орнотуучулары

Керексиз болуп... Батыш Карабахтагы абал жөнгө салынып жатканына неге нааразы

159
(жаңыланган 18:13 24.11.2020)
Таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасында чыккан жаңжал токтоп, абал акырындап турукташып келе жатат.

Франциянын тышкы иштер министри өлкөнүн Тоолуу Карабахтын элине жөнөтүлгөн гуманитардык миссиянын чоо-жайын айтып берди. Мында кеп аймакка жиберилген хирургдардын тобу менен медицинадык жабдуу тууралуу болууда.

АКШ өз кезегинде согуштан жабыркаган адамдарга жардам көрөсткөн Кызыл чырым эл аралык комитети менен башка бейөкмөт уюмдарга беш миллион доллар бөлүү менен чектелген.

Карабахтагы абалды жөнгө салуу боюнча Париж менен Вашингтондун басар-басмаксан болгон аракети, Сергей Лавров айтмакчы, алардын көкүрөк койгулаган менменсинүүсүнө катуу доо кеткенин далилдеп койду дейт россиялык журналист Ирина Алкснис.

Бул тууралуу Азербайжандын президенти Альхам Алиев да АКШ менен Франция "кеч болсо да жетишилген макулдашууга оң көз менен карай турганын" билдиришкенин айтып безге сайды.

Ал эми Анкара көнгөн адатынча сөздүн гүлүн терип отурган жок. Түркия президентинин маалымат катчысы Батыш же болбосо НАТО менен Евробиримдик 30 жылдан бери Карабахтагы каршылашуу боюнча анык бир сунуш берүүгө жарабаганын, ал арада Россия менен Түркия бири-бирин түшүнүп, сөзү бир жерден чыгып жатканын жар салып жиберди.

Тоолуу Карабах боюнча макулдашуу Батышка оор тийгени дароо жазыла баштады. АКШ менен Франциянын Россия менен биргеликте аталган чырлуу абалды жөнгө салуунун жолун издөө боюнча ЕККУнун Минск тобуна мүчө экенин эске алсак, макулдушууну Батыштын утулушу катары кабылдоого болот.

The National Interest кабарчыларына ишене турган болсок, Батыш көп нерседен куру жалак калыптыр. Согуштук аракеттердин жанданышы да, аймакка россиялык тынчтык орнотуучулардын киришин шарттаган макулдашуунун өзү да алар үчүн абдан эле күтүүсүз болгон. Басылма күнөөнү Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты ала албаган АКШнын чалгын кызматына жүктөдү. Жаза баскан бул кадамдан улам АКШнын аталган аймакта таасири солгундай түшкөнү айтылат.

Чын-чынына келгенде абал андан да курч, анткени "чалгындын чабалдыгы" АКШ канчалык терең жаңылышканын жаап-жашырууга жол берет.

Карабахтагы абалды жөнгө салуу — глобалдуу саясий система башынан кечирип жаткан өзгөрүүлөрдүн жаңы этабы. Бул АКШ менен Европа бардык тарапка керек болбой калган алгачкы учур.

Акыркы 30 жыл аралыгында Батыш дээрлик бардык окуяга, бардык жаңжалга аралашып, кийлигишип келген. Тигил же бул өлкөнүн ички саясий турмушунда да Батышка ыктагандар, андан колдоо алгандар сөзсүз болчу.

Буга 2014-жылы Крымда болгон окуя далил. Анда Украинанын аскерлери россиялык аскерий объектиге "Америка биз менен!" деп кыйкырып кол салганы маалым. Албетте, күлкү келерлик иш, бирок бул окуя бүтүндөй планетадагы элдин басымдуу бөлүгүнүн оюн таасын көрсөтүп турат.

Мындай көрүнүштү Батыш өзү кош колдоп колдойт, анткени таразанын ташы болуп, дүйнөдө чыр чыгабы, согуш болобу, болгон-бүткөн жаңжалды басып, тескеп, баштап-көздөп турган күч болууга кызыкдар. Мындай абал анын геосаясий үстөмдүгүнүн бир тирөөчү.

Карабахтагы абалды жөнгө салуу процесси анын катышуучулары Батышты дароо эле четке сүрүп салганы менен уникалдуу болуп калды. Сүйлөшүү процесси татаал өттү. Мындан улам абалды турукташтырууга АКШны же Батышты тартуунун ордуна тараптардын "өзүбүз чечишип алабыз" деген позициясы ого бетер бүйүрдү кызытты.

Чындап эле чечишип алышты да Батышты жөн гана маалымдар кылып коюшту. Муну менен дүйнөлүк системада өзгөчө макамга ээ болгон АКШга бир топ эле катуу сокку урулду. Тажрыйба көрсөткөндөй, адатта мындай нерселер бир эле жасалып токтоп калбайт, экинчиси да, үчүнчүсү да көп күттүрбөйт.

Андыктан америкалыктардын баарын чалгын кызматына оодарып ийиши көп деле таң калтырбайт. Тоолуу Карабахтагы абалды турукташтыруу АКШ менен Батыштын акырындап тизгини бошоп бараткан дүйнөлүк саясий системадагы кезектеги тектоникалык жылыш экенин моюнга алгандан көрө күнөөнү бирөөгө арта салуу алда канча ыңгайлуу эмеспи.

159
Белгилер:
Аскер, жол чырак, согуш, Түркия, Россия, Тоолуу Карабах, Батыш, Европа, АКШ
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тынчтыкка карай жол. РФ аскерлери Карабахтын Лачын коридорун минадан тазалашты
Түркиянын Карабахтагы тынчтык орнотуучулары: же бар, же жок болуу

Антонина Шевченконун учакты башкарып, асманда калкыган видеосу

255
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бир моторлуу учакты өзү баштарып, чакан авиациядагы жолу тууралуу кеп кылган берүү даярдалды.

"Путь Пилота" YouTube каналына "Пантера" каймана аты бар мушкер кыздын чакан авиациядагы жолу, өзү сатып алган учагы жана кантип учкуч болуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, ага учкуч болуу идеясы келгенине көп болгон. Бирок ал кыялын ишке ашырууну АКШга барганда көздөй баштаган. Былтыр февраль айында Лас-Вегас шаарында учкучтар мектебине барган. Алгачкы ирет сентябрь айында өз алдынча учуп, декабрда жеке учкучтун сертификатын алган.

Антонина Шевченко — UFC уюмунун кыргызстандык мушкери, белгилүү спортчу Валентина Шевченконун бир тууганы.

255
Белгилер:
Берүү, видео, Учкуч, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу
Азык-түлүк. Архив

Өлкөдө жыл башынан бери кымбаттаган жана арзандаган азыктардын тизмеси

0
Өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 9,6 пайызга жогорулады.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда кумшекер жана өсүмдүк майы бир топ кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Негизи эле былтыркы жылга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 9,6 пайызга жогорулаган.

Баасы көтөрүлгөн азык-түлүктөр:

  • сарымсак — 1,6 эсеге;
  • кумшекер — 27,4 пайызга;
  • өсүмдүк майы — 25 пайызга;
  • жаңы бышкан жемиштер — 16,9 пайызга;
  • гречка акшагы — 16 пайызга;
  • эт — 15,9 пайызга;
  • ун — 15,6 пайызга;
  • картошка — 15,1 пайызга;
  • макарон азыктары — 15 пайызга;
  • жумуртка — 7,1 пайызга;
  • бал — 5,8 пайызга;
  • алкоголсуз суусундуктар — 5,3 пайызга;
  • күрүч — 4 пайызга.

Анткен менен баасы арзандаган азыктар дагы бар. Мисалы, айрым сүт азыктары, жер-жемиштер, балык жана таруунун баасы төмөндөгөн.

0
Белгилер:
статистика, баа, тамак-аш, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда ашыкча салмак менен эркектер көбүрөөк жабыркайт. Статистика
Бийлик Кыргызстанда эттин кымбаттап кеткен себебин айтты