Валентина Шевченко карьерасын качан жана кантип жыйынтыктай турганын айтты

© AFP / Rey Del Rio / GETTY IMAGES NORTH AMERICAВалентина Шевченко беттештен кийин. Архив
Валентина Шевченко беттештен кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 22-ноябрда, эртең менен Лас-Вегаста эже-сиңди Шевченколор UFC алкагында кезектеги беттешүүлөрүн өткөрөт.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Азыр көп нерсени жасай ала турган учурум, бул мага оор эмес экенин сезип тургандыктан кармаша берем. Мындай пикирин кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко Sport24 сайтына берген маегинде айткан.

Журналист Шевченкого карьерасынын кандай бүтүшүн пландап жатканын сураган.

"Бул жерде бардыгы адамдын өзүнө жараша болот. Ал үчүн атайын эрежелер жок. Биздин, спортчулардын тагдыры, ой-туюмдары, пландары ар кандай. Өзүмө келе турган болсом, потенциал бар чакта аны пайдаланыш керек деп эсептейм. Спорттон шашылыш кадам жасап кетип калган көп спортчуларды көрдүм. Анан убакыт өткөндөн кийин кайра кайтууну, ошол жылдыздуу сааттардагы эмоциялардын даамын кайрадан татууну ойлойт, бирок убакыт өтүп кетти да. Жаңы таланттар өсүп чыкты. Кайра келсең, баягыдай эмессиң. Анан шашылып чечип койгонуна өкүнүшөт. Кетип калбаса жаш болуп турганда, күч-кубаттуу кезинде, ден соолугу чың учурда көп ийгиликтерди жаратат эле. Мен өзүм үчүн чечтим. Азыр көп нерсени жасай ала турган учурум экенин, бул мага оор эмес экенин сезип тургандыктан кармаша берем. Кийин артка кайрылып, "болду, колумдан келгенин буга чейин жасадым" дегендей болушум керек", — деп жооп берген Шевченко.

Эске салсак, эртең, 22-ноябрда, эртең менен Лас-Вегаста эже-сиңди Шевченколор UFC алкагында кезектеги беттешүүлөрүн өткөрөт. Ал эми кечээ турнирдин катышуучулары салмагын тактап, таразага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0