Валентина Шевченконун кийинки беттештеги болжолдуу атаандашы айтылды

© AFP / STRТурнир UFC Fight Night 15. Чжан Вэйли против Джессики Андраде
Турнир UFC Fight Night 15. Чжан Вэйли против Джессики Андраде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жессика Андраде былтыр аялдар арасында жеңил салмак боюнча (52 килограмм) чемпион болгон. Бирок кытайлык Вэйли Жанг менен беттешкенден кийин бул титулдан кол жууган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун башчысы Дана Уайт Валентина Шевченконун кийинки беттештерде ким менен кездешүүсү мүмкүн экенин UFC 255 турниринен кийинки маалымат жыйында айтты.

Уайтттын божомолу боюнча, кыргызстандык спортчу Шевченко кийинки беттеште жеңил салмактагы мурдагы чемпион Жессика Андраде менен кезигиши ыктымал.

"Кийинки пландар боюнча айтсам, менимче Андраде менен Шевченконун ортосунда мыкты кармаш болот. Шевченкого жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар атаандаш керек. Андраде ошолордун бири", — деди Уайт.

Кыргызский боец смешанных единоборств Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Рафаэль Физиевдин атаандашы коронавируска кабылып, беттештин мөөнөтү жылды
Жессика Андраде былтыр аялдар арасында жеңил салмак боюнча (52 килограмм) чемпион болгон. Бирок кытайлык Вэйли Жанг менен беттешкенден кийин бул титулдан кол жууган

Аталган кармаштан кийин Андраде эң жеңил салмакка өтүп, октябрь айында Кэтлин Чукагян менен кармашып, жыйынтыгында жеңишке жеткен.

АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бүгүнкү UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды. Промоушендин эң жеңил салмактагы титулу үчүн ал кезектеги беттешинде бразилиялык Женнифер Майя менен кез келди. Беш раундга созулган айыгышкан беттеш жүрүп, кыргызстандык мушкер кыз толук артыкчылык көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0