Бишкекте дзюдо боюнча Азиянын жана Океаниянын чемпионаты өтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдо боюнча чемпионаты. Архив
Дзюдо боюнча чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш коронавирус кырдаалына байланыштуу Монголияда өтпөй турган болгон. Аны уюштуруучулар жокко чыгарып, эмки жылы Кыргызстанда уюштуруу боюнча чечим кабыл алган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкекте дзюдо боюнча Азиянын жана Океаниянын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Улуттук дзюдо федерациясынан кабарлашты.

Ага ылайык, жакында эле Азия жана Океания дзюдо союзунун аткаруу комитетинин кезексиз онлайн конференциясы өтүп, ага Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев менен башкы катчы Эркинбек Кадыракунов катышкан.

Бокс чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
Анда коронавирус кырдаалына байланыштуу Монголияда дзюдо боюнча Азиянын жана Океаниянын чемпионаты өтпөй турган болгон. Ошол эле убакта бул мелдешти уюштурууга Өзбекстан даяр экенин айткан. Конференциянын катышуучулары өлкөнүн демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, эпидемиологиялык кырдаал Азия чөлкөмүндө жакшырбай жатканын айтышкан. Көп мамлекет келе албай турганы белгилүү болгон.

"Аткаруу комитети Азия жана Океания чемпионатын 2020-жылы уюштурууну такыр эле жокко чыгарып, аны 2021-жылы Кыргызстанда, Бишкекте өткөрүү чечимин бекитти. Улуттук федерация дзюдо сүйүүчүлөрүн күтүлүп жаткан тарыхый окуя үчүн куттуктайт", — деп айтылат маалыматта.

Мелдештин убактысы азырынча айтыла элек.

Токио — 2021 Олимпиада оюндарынын бардык рейтингдик упайлары Бишкекте ойнотулары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0