Футболчу 25-ноябрда 60 жаш курагында жүрөк кемтигинен каза болгон. Легендарлуу футболчунун өмүр баяны кызыктуу жоруктар менен коштолуп, футбол талаасындагы оюндары азыркыга чейин эскерилип айтылып келет. Sputnik Кыргызстан редакциясы аргентиналык футболчу эмнеси менен таанылганын эскерет.
Диего Армандо Марадона 1960-жылы 30-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес провинциясындагы Ланус шаарында туулган. Атасы дон Диего тегирменде иштесе, апасы Дальма Сальвадора Франко үй кызматкери эле. Марадона төрт кыздан кийинки бешинчи перзент болчу. Анын Рита, Ана, Эльза жана Мария деген төрт эжеси болгон.
Диего 10 айында басып кетет. Жети жашка чыкканда ага агасы топ белек берген. Диего белекке ушунчалык кубанып, аны көпкө чейин төшөккө жатканда да кучактап жатып жүргөн. Атасы ага топту кандай тебүүнү үйрөткөн соң эртеден кечке сол буттап дубалга тээп машыккан.
8 жашка чыкканда ал "Архентинос Хуниорс" клубунун балдар командасында ойногон 10 жаштагы Гой Каррис аттуу бала менен таанышып калат. Ал аркылуу команданын машыктыруучуларын табат. 1976-жылы 16 жашында "Архентинос Хуниорс" клубунда ойноп баштаган. Кийинчерээк "Бока Хуниорс", "Барселона", "Наполи", "Севилья" жана "Ньюэллс Олд Бойз" командаларында ойногон.
Аргентина курама командасына 91 беттеште ойноп, 31 гол киргизген. 1979-жылы жаштар арасында, 1986-жылы чоңдор менен дүйнө чемпиону болгон. Төрт ирет дүйнө биринчилигинде ойноп, 1986-жылдагы дүйнө чемпионатында мыкты футболчу деп табылган. 1990-жылы дүйнө чемпионатында Аргентина курама командасы менен экинчи орунду ээлеген.
Ал 37 жашка чыкканда спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.
Марадона биринчи жолу 1984-жылы аргентиналык Клаудия Вильяфаньеге үйлөнүп, экөө Дальма жана Жанинна аттуу эки кыздуу болушкан. 2004-жылы жубайлар ажырашкандан кийин футболчу бир канча жолу үйлөнгөн. Жалпысынан Марадонанын сегиз уул-кызы бар экени айтылат.
Аргентиналык футболчу Европанын бир катар ТОП-клубдарында ойногон. "Архентинос Хуниорс" жана атактуу "Бока Хуниорс" командасынан соң Марадона 1982-жылы Испаниянын каталондук "Барселона" клубуна өткөн. Бул трансфер үч миллион фунтка бааланып, ошол кезде дүйнөлүк футбол тарыхында эң кымбат деп эсептелген.
Марадона ошол жылы Испанияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта ойноп, командасы ийгиликке жеткен эмес.
Футболчу каталондук клуб үчүн эки сезон ойногон. Биринчи жылы гепатит илдетине кабылып, үч ай оюндан четтегенине карабай сезон ал үчүн ийгиликтүү болгон. Марадона каталондуктар менен Испания кубогун уткан. "Барселонанын" келишкис атаандашы "Реал" менен болгон чемпионаттагы беттешинде, "Эль класикодо" Марадона эки коргоочу менен кошо дарбазачыны да буйтап өтүп гол киргизген. Коргоочулардын бири бош калган дарбазаны тосом деп анын устунуна урунган. Бул керемет окуяга мадриддик гранддын күйөрмандары да жабыла кол чабышкан.
"Сантьго Бернабэу" стадионунда мыкты оюн көрсөткөнү үчүн Барселонанын үч гана футболчусу, 1983-жылы Марадона, 2005-жылы Роналдиньо жана 2015-жылы Андрес Иньеста алкоого алынган.
Марадона 1984-жылы Италиянын "Наполи" клубуна өткөн. Келишим беш миллион фунтка бааланып, футбол тарыхында Марадона катышкан экинчи эң кымбат трансфер болгон.
Бул учурда "Наполи" бир да жолу Скудеттону (өлкө чемпионатын) ута элек эле. Марадона менен кошо башка футболчуларды сатып алып, мыкты команда курагандан кийин неаполитандыктар жеңишке жете баштаган. "Наполи" менен Марадона эки жолу Италиянын чемпионатын уткан. Бул трофей азыркы күнгө чейин неаполитандыктар уткан жападан жалгаз Скудетто бойдон келе жатат. Мындан сырткары, УЕФА кубогу мелдешин уткан. Аргентиналык гений өзү көп жыл бою 115 голу менен клубдун тарыхында мыкты бомбардир болуп турган.
1986-жылы Мексикада өткөн дүйнө биринчилигинде Аргентинанын машыктыруучусу Карлос Билардо Марадонаны команданын капитаны кылып дайындаган. Оюн Марадонанын ыкмасына ыңгайлашып түзүлүп, ал ийгилик алып келген. Муну менен Аргентина экинчи ирет дүйнө чемпионатын уткан. Ал азыркыга чейин кураманын дүйнөлүк акыркы жетишкендиги бойдон турат. Футболчу команданын мыкты оюнчусу деп табылган.
Some moments stay forever. Like it was yesterday, and #Maradona has already gone... pic.twitter.com/nOO78Zjt6i
— xDragan (@DBaosic) November 26, 2020
Мында чейрек финалдагы Англия курамасы менен беттешти өзүнчө сөз кылууга болот. Марадона анда дарбазачы Питер Шилтондон (бою 1,83 см.) бийикте турган топту колу менен уруп гол киргизген. Башкы калыс муну эсепке алган. Ал окуя "Кудайдын колу" дегет атка конгон. Анткени футболчу топту колу менен ойногонун кийинчерээк мойнуна алып, бирок ал "Кудайдын колу" деп айткан. Ошол беттеште Марадона талаанын орто жеринен топту алып, өзү жалгыз атаандашынын беш оюнчусун, ага кошо дарбазачыны да алдап өтүп гол киргизген. Бул гол "кылымдын мыкты голу" аталган. Ошентип футбол генийинин бул беттештеги эки голу тең тарыхта калган.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Марадона Аргентина курамасынын дүйнө чемпиону болушуна машыктыруучу Карлос Белардо жетишерлик эмгек кыла алган эмес деп эсептейт. Кайсы бир маегинде ал машыктыруучу менен футболчулардын ортосунда келишпестик жаралып, оюнду футболчулар өздөрү аягына чыгарган деп айткан.
1990-жылдагы дүйнө чемпионатынын алдында Марадона жаракат алып, мыкты оюн көрсөтө алган эмес. Деген менен ал командасынын финалга чыгышына, вице-чемпион болушуна жетиштүү салым кошкон. Тайпалык этапта СССР менен ойноп жатканда Марадона дарбазасына кирип кетип жаткан топту колу менен кайтарып салган. Муну калыс байкаган эмес. Беттеш 2:0 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктаган.
Деген менен мелдештин аягы чырга айланган. Сыйлоо аземинде Марадона ФИФА президенти Жоао Авеланж менен кол алышуудан баш тарткан. Анткени ал дүйнөлүк футбол уюумунун башчысын мундиалды Германия ута тургандай абал түзгөн деп эсептеп, ага таарынган.
Диего Марадона 1996-жылы бокс спортунда өз күчүн сынап, досу, кесипкөй бокстун эки салмак боюнча дүйнө чемпиону Сантос Ласьяр менен рингге чыккан. Беттештен бир күн мурда мушкерлер салт катары таразага түшүп, Марадона атаандашынан 14 килограммга оор экени аныкталган.
Тамашалуу маанайдагы беттеш үч раундга созулуп, айрым жеринде боксчулар бири-бирине эмес, калыска чабуул жасап ийишкен. Беттештин соңунда легендарлуу футболчу топту бут менен ойноонун керемет ыкмаларын жасап, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөргөн.
1991-жылы Марадонанын канында кокаин бар экени аныкталып, 15 айлык мөөнөткө футболдон четтетилген. Кийинчерээк футболчу аны "Барселонада" ойноп жүргөн кезде (1982-жылдары) эле пайдаланганын айткан. Футбол легендасы наркозатты 2004-жылы гана токтотконун өзү билдирген.
1994-жылы дүйнө чемпионатында биринчи оюндан кийин анын канында допинг бар экени аныкталып, кайрадан 15 айга футболдон четтетилген. Оюнчу өзү бул окуяны "менин бутумду кесип салышты" деп комментарий берген.
1990-жылдары Марадона бир канча клубдарда ойногон, анын катарында испаниялык "Севилья" жана аргентиналык "Бока Хуниорстун" намысын коргогон. Бирок көзгө көрүнөрлүк ийгилик жарата алган эмес.
Аргентиналык легенда бир канча команданы машыктырган, анын ичинде өзүнүн Аргентина курамасына башкы насаатчы болуп, аны 2010-жылдагы дүйнө чемпионатына алып келген. Командасы чейрек финалда Германияга 4:0 эсебинде утулуп, мелдештен четтеген. Мындан сырткары, ал "Динамо" Брест клубунун башкармалыгынын төрагасы болууга жетишкен. Машыктыруучу катары да, администрациялык иштери менен да Марадона ийгиликке жете алган эмес.
Кыргызстандык футбол адиси, ФИФАнын калысы Бахадыр Кочкаров 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычында Аргентина менен Греция курама командаларынын беттешин тейлеген. Оюндан соң аргентиналыктардын машыктыруучусу Диего Марадона калыстар тобуна ыраазычылык билдирген. Анын ичинде каптал калысынын милдетин аткарган кыргызстандык Бахадыр Кочкаровдун колун кысып, кайсы өлкөдөн экенин сураган.
"Марадона атайын басып келип, калыстар тобу менен кол алышып, беттешти мыкты тейлегендиги үчүн ыраазычылыгын айтты. Анан кайсы өлкөдөн экенибизди сурады. Мен Марадона менен дагы эки ирет жолуккам", — деп эскерет кыргызстандык калыс.
Эске салсак, беттеш 2:0 Аргентинанын жеңиши менен аяктаган.
Марадона аргентиналыктар үчүн да, неаполитандыктар ("Наполи" клубунун күйөрмандары) үчүн да кумир катары саналат. 1998-жылы анын фанаттары "Марадонанын чиркөөсү" деп аталган сыйынуучу жай уюштурушкан.
Марадонанын кичүү кызы Жаннина Аргентина курамасы менен англиялык "Манчестер Сити" клубунун чабуулчусу Серхио Агуэрого турмушка чыккан. Алардын Бенхамин аттуу уулу бар. Баланын аталган атасы (крестный отец — ред.) Лионель Месси болуп саналат.
P.S. Жалпылап айтканда, мында Марадона тууралуу учкай гана маалыматтар айтылды. Чындыгында анын футбол талаасында жана андан сырткаркы өмүрү ары кызыктуу, түркүн окуяларга бай болгон.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык турнирлерге катышат.
"Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатышат. Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата кабыл алган календарлык планына ылайык өтүүдө. Спортчулар Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге даярданышат", — деп айтылат маалыматта.
18-январда старт алган иш-чара 7-февралга чейин уланат.
Окуу-машыгууга машыктыруучулар: Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев жана Розалия Тилегенова жетекчилик кылууда.Чакырылгандардын арасында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу эмгек сиңирген спорт чеберлери, сегиз спорт чебери, жана спорт чеберине талапкер алты балбан кыз бар.
Окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын улантууга үндөгөндөргө жооп кайтарды. Мушкердин пикирин Р-Спорт жазды.
Россиялык атлет октябрь айында америкалык Жастин Гэтжини уткандан кийин спорттон кетерин жар салган. Мындай чечимди ал апасынын өтүнүчүнөн соң кабыл алганын айткан.
"Атам каза болгондон кийин менин бул жарыктыктагы эң башкы байлыгым — апам калды. Аны таарынтып, бушайманга салып, капа кылып ала турган жорукка барууга мени түртпөгүлө", — деген ал.
Спортчу өзүнүн октагонго кайра чыгар-чыкпасы ар дайым талкууланып келгенин белгилейт.
"Акыркы жылдары кандай окуялар болуп кетти... Дагы эмне болуп кетерин билбейбиз. Эртеңки күндүн кандай болорун да эч ким билбейт. UFC боюнча пландарым жок. Умардын (Нурмагомедов) беттешке даярданып жатканын көрүп: "Менин мындай кыйынчылык күндөрүм артта калды" деп ойлонуп коём. Бүгүнкүдөй бактылуу күндө жашоого мага мүмкүнчүлүк бергилечи. Мындай бийиктикке жетүү үчүн мен канчалаган азаптарды баштан кечирдим", — деди ал.Хабиб Нурмагомедов 24-январда Абу-Дабиде мелдешке чыгып жатышкан Конор Макгрегор менен Дастин Порье, Дэн Хукер менен Майк Чендлер уюмдун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтсө, анда ал октагонго кайтарын айтканын ЖМКлар жазган.
Нурмагомедов ММА спортундагы карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мыйзамсыз байыган деп кармалган Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 20-январда Биринчи май райондук сотунда Токоевдин баш коргоо чарасы тандалып, 18-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган.УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Айбек Токоевди 18-январда кармаган. Ал 2014-2020-жылдар аралыгында көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келген эмес.