Тоттенхэм футболчусунун талаа ортосунан киргизген таң калычтуу голу. Видео

© AFP / Ian KINGTON / POOLПервый раунд Лиги Европы между "Тоттенхэм" и "Лудогорец"
Первый раунд Лиги Европы между Тоттенхэм и Лудогорец - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Топ дарбазанын так үстүңкү бурчунан кирип, ага голкипер Пламен Ивановдун колу жетпей калган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Англиянын "Тоттенхэм" клубунун футболчусу Гарри Уинкс УЕФАнын Европа лигасы мелдешинде 50 метрдей аралыктан тээп гол киргизди. Бул тууралуу УЕФА уюму расмий сайтына жазып, голдун видеосун жарыялады. 

​Англиялык команда өз үйүндө болгариялык "Лудогорец" менен тайпалык этапта кез келген. Беттештин 63-мүнөтүндө Уинкс голкипердин дарбазадан алыстап кеткенин байкап калып, оюн талаасынын ортосунан, 49 метр аралыктан, топту көкөлөтө тээп гол киргизди. Топ дарбазанын так үстүңкү бурчунан кирип, ага дарбазачы Пламен Ивановдун колу жетпей калган.

​Башкы машыктыруучусу Моуриньонун шакирттери беттеште 4:0 эсебинде утуп, мелдештин плей-офф баскычына жолдомо алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0